Өтүп бара жаткан 2025-жыл көптөгөн жагымдуу окуяларды жана эмоцияларды алып келди. Бул жыл сиз үчүн кандай болгонун көрүүгө убакыт келди.
«Мой Beeline» мобилдик тиркемесинде «2025-жылдын жыйынтыктары» аттуу жекелештирилген акция башталды – ар бир абонент үчүн өзүнчө түзүлгөн интерактивдүү жылдык отчет.
Анда төмөнкү маалыматтарды көрө аласыз:
• Мой Beeline'га канча жолу киргениңизди;
• телефон менен канча убакыт сүйлөшкөнүңүздү;
• интернетти канча колдонгонуңузду;
• кайсы тиркемелерди эң көп тандаганыңызды.
Ал эми быйылкы жылдын жыйынтыктарын чыгарууну жагымдуураак кылуу үчүн, жаңы жылдык майрамдарга карата 14 күнгө 5 ГБтык интернет топтомун белек кылабыз.
Сюрприздер муну менен гана чектелбейт. Beeline'дын ар бир абоненти үчүн дагы бир белек жеткиликтүү – Россиянын «Билайн» номерлерине чалуу үчүн 120 акысыз мүнөт. Топтом активдүү жана 2026-жылдын 15-январына чейин жарактуу болот.
Жаңы жылды сонун маанай, сапаттуу байланыш жана жагымдуу бонустар менен тосуңуз.