close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине өнөктөш издөө конкурсу

Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине өнөктөш издөө конкурсу

«Скай Мобайл» ЖЧК Beeline сатуу жана тейлөө кеңселери (ОПиО) үчүн өнөктөштөрдү тандоо боюнча конкурс жарыялайт. Beeline экосистемасынын бир бөлүгү болуп, кардарлар агымы жогору болгон ОПиОлордо товарларды жана аксессуарларды сатууну өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.

Компания эмнени сунуштайт:
•    сатууга толук даяр болгон витриналар;
•    Beeline тараптан медиалык жана маалыматтык колдоо;
•    абоненттерге SMS таргет аркылуу маалымат жеткирүү;
•    кардарларды тартууга жана сатууну көбөйтүүгө багытталган маркетингдик иш-чаралар;
•    коммуналдык кызматтар жана тазалоо чыгымдарын Компания өз мойнуна алат.

Өнөктөштөн эмнелер талап кылынат:
•    келишим түзүү үчүн зарыл болгон документтердин толук пакети;
•    POS-терминал аркылуу накталай эмес төлөм кабыл алуу, ККМ орнотуу жана кассалык чек берүү;
•    кеңседе товар сатуу үчүн өз кызматкеринин болушу же өнөктөштүн жеке катышуусу.

ОПиО кеңселеринин тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: шилтеме.

Катышуу шарттары
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү форматтардын бирин тандап, арыз берүү керек:
1.    аксессуарларды гана сатуу;
2.    девайстарды гана сатуу;
3.    аралаш формат (девайстар жана аксессуарлар).

Арызда Компанияга ай сайын төлөнө турган сый акынын өлчөмү көрсөтүлөт. Ар бир кеңсе жана формат боюнча минималдуу сумма алдын ала белгиленген жана төмөнкү документте берилген: шилтеме.

Мындан тышкары, коммерциялык сунуш жана документтердин пакети даярдалышы керек (ЖК тууралуу күбөлүк же ЖЧКнын уставы, жетекчинин же ЖКнын паспортунун көчүрмөсү).

Коммерциялык сунушта көрсөтүлөт:
•    кайсы ОПиОлор боюнча арыз берилери;
•    тандалган ишмердүүлүк форматы;
•    сунушталган сый акынын өлчөмү (белгиленген минималдуу суммадан төмөн эмес).

Коммерциялык сунушту толтуруу үчүн шаблон: шилтеме.

Арыздар коммерциялык сунуш жана документтер менен кошо 16.02.2026-жылга чейин Partner_beeline@beeline.kg дарегине кабыл алынат.

Өнөктөштөрдү тандоо «Скай Мобайл» ЖЧКнын ички тартибине ылайык жүргүзүлөт. Эң жогорку сый акы сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп табылат. Эгер бир нече кеңсе боюнча арыз берилсе, Компания үчүн эң пайдалуу шарттарды сунуштаган арызга артыкчылык берилет.

Кызматташууга даярбыз жана сунуштарыңызды күтөбүз!
 

https://beeline.kg/ru/aidana