Beeline дайыма байланыштын жана кызматтардын сапатын жакшыртууга умтулуп келет. Ушул максатта 10.02.2025-жылдан баштап, айрым тарифтердин шарттарына өзгөртүүлөр киргизилет. Биз окшош тарифтик пландарды жаңы, жакшыртылган тарифтерге бириктирип, аларды абоненттерибиз үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу, түшүнүктүү жана пайдалуу кылабыз.
Ошондой эле, тарифтердин баалары да өзгөрөт. Бул төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:
∙ байланыш сапатын жакшыртуу;
∙ тармактын камтуусун кеңейтүү;
∙ кызматтарыбызды ыңгайлуу кылуу максатында жаңы технологияларды киргизүү.
Тарифтери өзгөрө турган абоненттер жаңы шарттар тууралуу толук маалыматты камтыган SMS алышат. Ошондой эле, кененирээк маалымат алуу үчүн *611 номери боюнча байланыш борборуна кайрылуу же www.beeline.kg сайтына өтүү мүмкүн (шарттар жаңыртылган күндөн баштап).
Биз менен болгонуңуздар үчүн рахмат!