close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Кээ бир тарифтердин шарттары өзгөртүлдү

Кээ бир тарифтердин шарттары өзгөртүлдү

Байланыш кызматтарын сапаттуураак жана ыңгайлуураак кылуу максатында, 2025-жылдын 8-январынан тарта, айрым тарифтердин шарттарына өзгөртүүлөр киргизилди:

1. Абоненттик төлөм алына турган учурда баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар убактылуу жеткиликсиз болот;
2. Байланыш кызматтарын колдонууну улантуу үчүн балансты тарифтин абоненттик төлөмүнө жеткидей суммага толуктоо зарыл;
3. Баланста каражат жетишсиз болгон учурда, кызматтарды жарым-жартылай камсыздаган Daily кызматы эми иштебейт.

Көңүл буруңуз! Абоненттик төлөм алына турган күнү баланстагы сумма тарифтин баасына дал келүүгө тийиш. Эгер каражат жетишсиз болсо, кызматтар баланс толукталганга чейин жеткиликсиз болот.

Өзгөртүүлөр киргизилген тарифтер:
•  «Безлимит Platinum»;
•  «Бирге интернет үчүн + YouTube»;
•  «Бирге интернет үчүн + Иви»;
•  «Gold»;
•  «Супер 520»;
•  «Супер Max»;
•  «Супер 640»;
•  «Супер 740»;
•  «жаңы Мугалим онлайн»;
•  «жаңы Билим онлайн»;
•  «Мугалим онлайн»;
•  «жаңы Билим онлайн апта»;
•  «Beeline дилер үчүн»;
•  «Үй-бүлө Beeline»;
•  «Супер дилер үчүн»;
•  «Билим онлайн»;
•  «Включай Ийгилик»;
•  «Чексиздик+»;
•  «Просто больше дилер үчүн»;
•  «Включай»;
•  «Ийгилик»;
•  «Беш сомдук»;
•  «Включай Эркиндик 290».

Ушул тарифтерди колдонгон абоненттерге өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты камтыган SMS-билдирүүлөр жөнөтүлдү. Суроолоруңуз болсо, *611 номерине чалыңыз же компаниянын эң жакынкы кеңсесине кайрылыңыз.

Биз менен болгонуңуз үчүн рахмат!
 

https://beeline.kg/ru/aidana