close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Кыргыз Республикасында уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасында уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө

Урматтуу абоненттер, 2024-жылдын июнь айынан тартып Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (ИМТ) уюлдук түзмөктөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз. КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому 2022-жылдын май айында бекитилген.

ИМТ киргизүү колдонуу үчүн кооптуу болгон жасалма түзмөктөрдү ташып келүүнү жана сатууну жок кылат. Тутум ошондой эле кылмышкер колдонгон же уурдаган түзмөктөрдү ошол замат бөгөттөө менен бирге алдамчылыкка, терроризмге жана телефон уурдоого каршы күрөштө жардам берет.

Азыркы учурда Кыргызстандын байланыш операторлорунун SIM-карталары бар бардык уюлдук телефондор ИМТда каттоодон өткөн. Тутум толук ишке киргенге чейин, сиз түзмөгүңүздү бекер каттай аласыз. Ал үчүн телефонуңузда Beeline же Кыргыз Республикасынын башка уюлдук операторлорунун SIM-картасын активдештирүү жетиштүү. 

Эми катталган түзмөктөр гана өлкөнүн рыногунда сатууга уруксат берилгендиктен, сатып алуучуларга аларды өз алдынча тариздөөсүнүн кажети жок. Бул түп нуска түзмөктөргө гана тиешелүү экенин эске алуу керек. Жасалма телефондор ИМТда катталбайт жана Кыргызстандын мобилдик операторлорунун тармактарында иштебейт.

Буга байланыштуу Beeline өлкө ичинде уюлдук телефондорду сатып алууда IMEI коддун каттоо статусун текшерүүнү сунуштайт. IMEI коду – SIM картасы бар ар бир түзүлүшкө ыйгарылган уникалдуу эл аралык 15 орундуу идентификатор номери. Текшерүү үчүн, бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткарыңыз:

1.    Мобилдик түзүлүштүн IMEI кодун табыңыз. Бул үчүн телефонуңуздан *#06# териңиз. IMEI коду телефондун кутучасында, анын корпусунда же алынуучу батареянын чаптамасында да көрсөтүлгөн.

2.    IMEI кодун www.imei.kg сайтында, «Мой Beeline» мобилдик тиркемесинде же Beeline сайтында атайын сапка киргизип, «Текшерүү» баскычын басыңыз. Сиз түзмөк жана IMEI кодун каттоо абалы жөнүндө маалымат аласыз.

Эгер сиз Кыргызстандан тышкары жерде жеке колдонуу үчүн уюлдук телефонду сатып алсаңыз (мисалы, аны чет өлкөдөн алып келсеңиз же чет элдик базарлардан тапшырык кылсаңыз), аны imei.kg сайтында өзүңүз катташыңыз керек болот. Роумингдеги түзмөктөр (чет элдик байланыш операторлорунун SIM-карталары менен) каттоону талап кылбайт.

Ийгиликсиз сатып алууларды болтурбоо үчүн, мобилдик түзмөктөрдү ишенимдүү сатуу пункттарынан сатып алууну сунуштайбыз. Beeline Apple компаниясынын расмий өнөктөшү жана ыйгарым укуктуу реселлери катары дүйнөгө белгилүү бренддин түп нуска өнүмүн сунуштайт. iPhone жана башка сапаттуу девайстарды сатып алуу үчүн Бишкектеги төмөнкү даректерде жайгашкан Beeline кеңселерине келиңиздер:
-     Asia Mall СБ (Ч.Айтматов пр., 3, 10:00 – 22:00); 
-    «Бишкек Парк» СБ (Киев көч., 148, 10:00 – 22:00);
-    «Дордой Плаза-2» СОБ (Ибраимов көч., 115, 10:00 – 22:00);
-    «Асыл-Таш» ББ (Ибраимов көч., 115/1, 9:00 – 18:00).

Биздин адистер Сизге туура түзмөктү тандоого жардам берет жана Сизди кызыктырган бардык суроолор боюнча кеңеш беришет.

https://beeline.kg/ru/aidana