close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Кыргыз Республикасында уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасында уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө

Урматтуу абонент! 2024-жылдын 25-июнунан баштап, бардык мобилдик түзмөктөрдү Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) милдеттүү түрдө каттоо киргизиле тургандыгы тууралуу маалымдайбыз. КРнын Министрлер Кабинетинин тиешелүү Токтому 2022-жылдын май айында бекитилген.

Бул эмнени билдирет?

1. Автоматтык түрдө каттоо.
Учурда, 2024-жылдын 25-июнуна чейин, Кыргызстандын уюлдук операторлорунун түйүндөрүндө иштеп жаткан бардык мобилдик телефондор МИС базасында автоматтык түрдө катталат.

2. Кош SIM карталуу телефондор.
Эгер телефонуңуз кош SIM карталуу болсо, анын эки слоту тең катталганын текшериңиз. Ал үчүн, 2024-жылдын 25-июнуна чейин, SIM картаңызды ар бир слотко салып, мобилдик оператордун тармагына туташыңыз (чалуу аткарыңыз же интернетти кодонуңуз).

3. Жаңы телефон сатып алуу.
Эгер Сиз жаңы телефонду 2024-жылдын 25-июнуна чейин сатып алсаңыз, телефонду каттоодон өткөрүү үчүн, анын ар бир слотуна SIM картаны салып, тармакка туташыңыз. Эгер Сиз жаңы телефонду 2024-жылдын 25-июнунан кийин сатып алсаңыз, анын IMEI коду МИС базасында катталганын текшериңиз.

4. Импорттолгон телефондорду каттоо.
Жеке адамдар, 2024-жылдын 25-июнунан кийинки алгачкы эки айдын ичинде, жеке колдонуу максатында экиге чейин мобилдик түзмөктү акысыз каттоого укуктуу. Телефонду каттодон өткөрүү үчүн,  ал Кыргызстанга алынып келингендигин жана Сиз арызыңызды бергенге чейин 30 күндөн ашык эмес мөөнөттө чек араны кесип өткөнүңүздү ырастоого тийишсиз.

5. Катталбаган телефондор эмне болот?
2024-жылдын 25-июнунан кийин, МИС базасында катталбаган телефондор Кыргызстандын уюлдук операторлорунун түйүндөрүндө иштей албайт. Сиз өчүрүүдөн 30 күн мурда SMS билдирүүсүн аласыз.


IMEI катталып-катталбаганын кантип текшерүү керек?

1. Мобилдик түзмөгүңүздүн IMEI кодун билиңиз. Ал үчүн телефонуңуздан *#06# буйругун териңиз. Ошондой эле, IMEI коду телефондун кутучасында, анын корпусунда же алынуучу аккумуляторунун чаптамасында басылган болот.

2. IMEI кодун www.imei.kg сайтындагы, «Мой Beeline» мобилдик тиркемесиндегы же Beeline’дын сайтындагы атайын талаага киргизип, «Текшерүү» баскычын басыңыз. Сиз түзмөк жана IMEI кодунун каттоо статусу жөнүндө маалымат аласыз.

Көйгөйлүү мобилдик түзмөктөрдү сатып алууну болтурбоо үчүн, аларды ишенимдүү соода түйүндөрүнөн сатып алууну сунуштайбыз. Beeline, Apple’дын расмий өнөктөшү жана авторизацияланган реселлери катары, дүйнөгө белгилүү бренддин оригиналдуу өнүмдөрүн сунуштайт. iPhone жана башка жогорку сапаттагы девайстарды Beeline’дын Бишкектеги кеңселеринен сатып алыңыз:
- Asia Mall соода борборунда (Айтматов пр., 3, 10:00 - 22:00);
- «Бишкек Парк» соода борборунда (Киев көч., 148, 10:00 - 22:00);
- «Дордой Плаза-2» соода борборунда (Ибраимов көч., 115, 10:00 - 22:00);
- «Асыл-Таш» бизнес борборунда (Ибраимов көч., 115/1, 9:00 - 18:00).

Биздин адистер Сизге ылайыктуу түзмөктү тандоого жардам беришет жана Сизди кызыктырган бардык суроолоруңузгу жооп беришет.

https://beeline.kg/ru/aidana