close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

ИМТ катталбаган телефондорду бөгөттөө жөнүндө

ИМТ катталбаган телефондорду бөгөттөө жөнүндө

Уюлдук телефондордун IMEI коддорун Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (ИМТ) каттоо мөөнөтү 2024-жылдын 15-августуна чейин жылдырылган. Бүгүн, 2024-жылдын 16-августунан тарта Кыргызстандын уюлдук операторлорунун түйүндөрүндө катталбаган телефондор иштебейт.


Түзмөктү каттоо импортерлордун жоопкерчилигинде экенин эскертебиз. Телефонду сатып алардан мурун, анын ИМТда катталганын текшериңиз. IMEI коддорунун каттоо абалын төмөнкүдөй текшерсеңиз болот:
1)     www.imei.kg сайтында
2)     Beeline’дын сайтында
3)    «Мой Beeline» тиркемесинде
4)    *5656# буйругу менен.
IMEI-коддорду *#06# буйругу менен билсе болот же телефон кутусунан тапса болот.  


Эгер сиз катталбаган телефонду сатып алсаңыз, дароо түзмөктү сатып алган жериңиз менен байланышыңыз жана сатуучудан https://www.imei.kg/StockReg  шилтемеси аркылуу аны каттоону сураныңыз.


Эгерде сиз бир гана SIM-слоттун IMEI кодун каттаган болсоңуз, экинчи слоттун жана eSIMдин IMEI коддорун да катташыңыз керек. Бул үчүн:
1.    imei.kg сайтында «Биз менен байланышуу» бөлүмүнө өтүңүз.
2.    «Кайрылуунун предмети» талаасында үчүнчү опцияны тандап, каттоого арызды толтуруңуз.
3.    Телефонуңуздун бардык 15 орундуу IMEI коддорун жана IMEI коддору менен телефонуңуздун экранынын скриншотун бериңиз (*#06# териңиз жана скриншот алыңыз). Ошондой эле support@imei.kg электрондук дарегине көрсөтүлгөн маалыматтар менен кат жөнөтсөңүз болот.

Эскерте кетсек, Beeline байланыш кызматтарына кирүүгө бөгөт койбойт же чектебейт. Каттоодон өтпөгөн телефондорго бөгөт коюуну ИМТ жүргүзөт.
Сиздин SIM-карта жана тариф телефонуңуз катталбаса дагы иштей берет. SIM-картаны катталган телефонго алмаштыруу менен сиз мурдагыдай эле чалууларды жасай аласыз, интернетти жана башка операторлордун кызматтарын колдоно аласыз.

https://beeline.kg/ru/aidana