close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Жай аптабындагы ишенимдүү байланыш: Beeline байланышты жакшыртууда

Жай аптабындагы ишенимдүү байланыш: Beeline байланышты жакшыртууда

Бардык жерде жана күндүн кайсы болбосун убагында байланышта болуу жөн гана ыңгайлуулук эмес, зарылчылык. Ошондуктан, Beeline улуттук мобилдик оператору өлкө боюнча тармагын бекемдөөнү улантууда. 

Ушул айда жакшыртуулар Бишкек жана Чүй облустарын камтыды, ошондой эле Ош облусунда жана Ош шаарында жаңы базалык станциялар пайда болду. Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда масштабдуу камтууну кеңейтүү уланууда. 

Мындай жаңыртуулар азыркы учурда, курорттук сезон гүлдөп турган учурда, туристтер, эс алуучулар жана жергиликтүү тургундар мобилдик интернетти активдүү колдонуп жатканда өзгөчө маанилүү. Beeline абоненттери туристтик жайларда, Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо жана популярдуу эс алуучу жайларда тармактын сапатынын жакшырганын байкашууда. Туруктуу байланыш маршруттарды оңой түзүүгө, сүрөттөрдү жана видеолорду бөлүшүүгө, мессенджерлерди, социалдык тармактарды жана санариптик кызматтарды колдонууга жардам берет. 

Beeline компаниясынын ишенимдүү тармагы, ар дайым сизге керектүү учурда, сиз билдирүү жөнөтүп, туугандарыңызга чалып, жумуш маселесин чечип, түз эфирде футбол матчын көрүп же эс алууга бара жаткан жолдо картаны ача алышыңыз үчүн жаныңызда. 

Beeline менен байланышта болуу оңой жана ишенимдүү. Ылдамдыкты жана туруктуулукту тандаңыз, анткени - тармакты күтүү менен өткөрүп жиберүү үчүн жай мезгили өтө эле кыска.  

https://beeline.kg/ru/aidana