close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline'дын «Миллионго билет» лотереясы — кыялыңызды орундатуу үчүн 33 мүмкүнчүлүк!

Beeline'дын «Миллионго билет» лотереясы — кыялыңызды орундатуу үчүн 33 мүмкүнчүлүк!

Кыялыңызды ишке ашыргыңыз келеби? Beeline менен бул мүмкүн! Биздин жаңы «Миллионго билет» аттуу лотереябызга катышууга чакырабыз. 33 акчалай байгенин бирин утуп алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайбыз. Баш байге — 1 000 000 сом!

Катышуу абдан оңой: электрондук билеттер кадимки аракеттер үчүн берилет — тарифтин абоненттик төлөмүн төлөө, кошумча топтомдорду сатып алуу же белгилүү тарифтерге өтүү.

Негизги баланстан сарпталган ар 500 сом үчүн бир билет берилет. Канчалык көп билет болсо, утушка жетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук бийик болот!

Бир убакта бир нече билет алгыңыз келеби? Эгер Сиз «Бул 250 ГБ», «Чексиздик ай», «Бул Үй-бүлө», «Бул 100 ГБ» тарифтерине өтсөңүз, же учурда «Чексиз Platinum», «Чексиздик+» же «Gold» тарифтерин колдонуп жаткан болсоңуз, анда абоненттик төлөмдү төлөө менен дароо 8ге билетке чейин аласыз!

Лотереяга кантип кошулуу мүмкүн?

1-ыкма: *1000#1# буйругун терүү.

2-ыкма: «Мой Beeline» тиркемесине өтүү.

Байге фонду — 4 000 000 сом!

33 акчалай байге ойнотулат:
• 1 баш байге — 1 000 000 сомдук сертификат;
• 500 000 сомдук 2 сертификат;
• 100 000 сомдук 10 сертификат;
• 50 000 сомдук 20 сертификат.

Лотерея 2025-жылдын 15-майынан 30-июнуна чейин өтөт. Утуш 8-июлда Instagram баракчабызда (@beeline_kyrgyzstan) түз эфирде орун алат. Ага КРнын Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер катышат.

«Миллионго билетти» утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Адаттагыдай эле төлөмдөрдү аткарып, билет топтоп, жеңишке жетиңиз!

Бул мүмкүн! Бул Beeline!
 
https://beeline.kg/ru/aidana