Жайкы саякаттар сезонунда Beeline дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында ишенимдүү байланыштын камын көрөт.
Beeline'дын роуминги менен сиз чет өлкөдө дайыма байланышта болосуз: жакындарыңыз менен баарлашыңыз, WhatsApp, Google Карталар, почта, такси жана соцтармактарды колдонуңуз, мейманканаларды, ресторандарды, музей жана экскурсия билеттерин брондоңуз жана башка көптөгөн нерселерден пайдаланыңыз!
«Үйдөгүдөй роуминг» кызматы — ар дайым онлайн болгондор үчүн идеалдуу вариант. Күнүнө болгону 199 сомго сиз төмөнкүлөргө ээ болосуз:
• ЧЕКСИЗ интернет (Түркияда, Россияда, Өзбекстанда жана Казакстанда алгачкы 1 ГБ жогорку ылдамдыкта камсыздалат, БАЭ жана Сауд Арабиясында – алгачкы 400 МБ. Андан кийин – топтомдун аягына чейин ылдамдык 128 Кб/сек чейин болот);
• 10 мүнөт чалуулар үчүн.
Кызматты акысыз кошуу үчүн *780# буйругун териңиз.
Чексиз, ылдам интернет каалайсызбы? Андан биздин интернет топтомдорубузду тандаңыз:
• «Роумингде 1 ГБ» топтому — 999 сом (*718*1#);
• «Роумингде 3 ГБ» топтому — 1999 сом (*718*3#);
• «Роумингде 7 ГБ» топтому — 2999 сом (*718*7#).
Топтомдор кошулган күндөн тартып 14 күн бою жарактуу болот.
Сапар алдында телефонуңду роумингге коюуну унутпа: «Роуминг данных» функциясын иштетип, APN’ге internet деп жазууну унутпа (iPhone'до – «Сотовые данные» жана «Настройка LTE» талааларына internet деп жаз).
Пайдалуу роуминг кызматтарын «Мой Beeline» тиркемеси аркылуу кошуп алып, ашыкча төлөбөстөн, ишенимдүү байланыш менен жолго чыгыңыз!