Ушул жекшемби күнү, 17-ноябрда, Ошто Maxcom Urban Mall соода борборунун майрамдык ачылышы болот. Beeline, соода борборунун өнөктөшү катары, түштүк борбор калаасынын тургундарын жана конокторун ушул кызыктуу иш-чарага чакырат.
Ал жерде Beeline'дан (Apple'дын авторизацияланган реселлери) расмий iPhone'дорду сатып алуу мүмкүн болот. Ошондой эле, Beeline эстрада жылдыздарынын катышуусундагы укмуштуудай шоу-программаны тартуулап, кызыктуу сынактарды өткөрөт жана баалуу байгелерди ойнотот. Ал эми эң кичинекей коноктор үчүн аниматорлор унутулгус балдар шоусун коюп, кызыктуу оюндарды өткөрүшөт.
Дарек: Ош ш., Шакиров көч., 30. Башталышы саат 12:00дө. Кирүү — акысыз.
Келип, көңүл ачып кетиңиздер!