Pre-paid жана post-paid сегментинин абоненттери үчүн «Роуминг» кызматынын шарттары өзгөртүлмөкчү.
2026-жылдын 12-мартынан баштап, «Беларусь» багыты «Роуминг» кызматынын базалык прайсына ылайык 1-зонадан 2-зонага которулат.
Демек, көрсөтүлгөн датадан тарта, Беларустун аймагындагы кирүүчү жана чыгуучу үн чалууларынын, SMS билдирүүлөрүнүн жана мобилдик интернеттин баасы 2-зона үчүн белгиленген тарифтерге ылайык эсептелет.
Pre-paid сегменти үчүн:
• 50 Мбайт – 100 сом
• 3 мүнөт – 100 сом
• топтомдон тышкары: 1 Мбайт – 4 сом, 1 мүнөт – 40 сом
• кирүүчү SMS – акысыз, чыгуучу SMS – 10 сом/SMS.
Post-paid сегменти үчүн:
• 100 Мбайт – 200 сом
• 5 мүнөт – 200 сом
• топтомдон тышкары: 1 Мбайт – 4 сом, 1 мүнөт – 45 сом
• кирүүчү SMS – акысыз, чыгуучу SMS – 10 сом/SMS.
Бардык баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
«Роуминг» кызматынын калган шарттары өзгөрүүсүз калмакчы.