2008-2021-жылдары Beeline балансты толуктоо үчүн алдын ала төлөм карталарын чыгарып, саткан. Техникалык системаларды жаңыртып, заманбап төлөм ыкмаларына өтүү менен мындай карталар 2023-жылдан бери колдонулбай калган.
Кардарларыбыздын ынгайлуулугу үчүн, биз мурда сатып алынган карталарды колдонууга кошумча убакыт беребиз. Аларды 2025-жылдын 31-декабрына чейин балансты толуктоо үчүн колдоно аласыздар. 2025-жылдын 31-декабрынан кийин алдын ала төлөм карталары жараксыз болуп калат.
Түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алдын ала төлөм карталарыңыздарды жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн аягына чейин колдонууга жетишиңиздер.