close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Россияда роумингде интернет жана SMS'ке убактылуу чектөөлөр киргизилди

Россияда роумингде интернет жана SMS'ке убактылуу чектөөлөр киргизилди

Россияда интернет роумингине суткалык чектөө киргизилди 2025-жылдын 6-октябрынан тарта,

РФнын мамлекеттик органдарынын чечими менен Россиянын аймагында айрым роуминг кызматтарын колдонууга убактылуу чектөөлөр киргизилген. Россиянын уюлдук операторлорунун маалыматы боюнча, төмөнкү бөгөттөө эрежелери колдонулат: 

• Россиялык оператордун тармагына катталган учурда, роумерге карата роумингдеги мобилдик интернет жана SMS боюнча суткалык бөгөт коюлат; 
• бирок, роумингдеги үн байланышы жеткиликтүү бойдон кала берет. 

Демек, абонент бир сутка бою чалууларды аткара жана кабыл ала алат, бирок Россияда роумингде интернетти колдоно алышпайт, SMS жөнөтө жана кабыл ала алышпайт. 

Эгер абонент роумингди колдонууну уланта берсе же телефону өчпөй, тармакта кала берсе, анда бөгөт 24 сааттан кийин алынат. 

Эгер абонент үч күн катары менен роумингде активдүү болбосо (мисалы, телефону өчүк же камтуу аймагынан тышкары болсо), анда абонент россиялык тармакка катталган учурдан тартып, жана/же роуминг кызматтарын кайра колдоно баштаган учурдан тартып, суткалык бөгөт кайра коюлат. Эгер абонент роумингди колдонууну уланта берсе, жана/же тармакта кала берсе, анда бөгөт 24 сааттан кийин алынат. 

Россиялык тармакты кол менен тандоону сунуштайбыз, анткени эгер тармактар автоматтык түрдө которула берсе, анда бөгөт кайрадан коюлуп калышы мүмкүн. 

Бул чектөө Россиянын бардык мобилдик операторлорунун тармактарына тиешелүү. Чектөөнүн так мөөнөтү азырынча белгисиз. 

Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
 

https://beeline.kg/ru/aidana