Beeline алдыңкы VoLTE (Voice over LTE) технологиясын киргизүү менен абоненттеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Ал 4G/LTE тармагы аркылуу үн чалууларды жасоого мүмкүндүк берет, чалуулардын жогорку сапатын жана көптөгөн кошумча артыкчылыктарды камсыз кылат.
VoLTE негизги артыкчлыктары — төмөнкүлөр:
- Ашыкча ызы-чуусу жана тоскоолдуктары жок эң сонун таза үн,
- Тез чалуу,
- Жогорку ылдамдыктагы 4G интернетин чалуу учурунда да колдонуу мүмкүнчүлүгү,
- Акысыз колдонуу.
VoLTE технологиясы Xiaomi, Huawei, Honor, Oppo, Vivo жана башка кытайлык өндүрүүчүлөрдүн смартфондорунун жана iPhone ээлери үчүн жеткиликтүү. Кызмат автоматтык түрдө кошулат – жөнөкөй нускамаларды аткарып, смартфондун жөндөөлөрүнө VoLTE туташтыруу гана керек:
• IPhone үчүн: Жөндөөлөр – Уюлдук байланыш – Маалымат параметрлери – Үн жана маалымат – VoLTE чалуулары
• Xiaomi үчүн: ##86583## буйругун териңиз. Жөндөөлөр – SIM-карталар жана мобилдик тармактар – VoLTE Чалуулары
• Huawei үчүн: Жөндөөлөр – Зымсыз тармактар – Мобилдик тармак –VoLTE Чалуулары
• Honor үчүн: Жөндөөлөр – Мобилдик тармак – SIM1/2 Маалыматтарды мобилдик өткөрүп берүү –VoLTE Чалуулары
• Oppo үчүн: Жөндөөлөр – SIM1/2 Мобилдик тармагы – VoLTE Чалуулары
• Vivo үчүн: Жөндөөлөр – Тармак жана интернет – Мобилдик тармак – SIM-карталар жана мобилдик тармактар – SIM1/2 – VoLTE Чалуулары
VoLTE технологиясы жөнүндө кененирээк маалымат менен бул жерден таанышса болот. Beeline менен бирге эң жогорку сапаттагы үн байланышынан ырахат алыңыз!