close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Сак болуңуз: телефондук алдамчылык көбөйүүдө

Сак болуңуз: телефондук алдамчылык көбөйүүдө

Акыркы убакта кыргызстандыктарга көп шектүү чалуулар келип түшүүдө. Эң кеңири тараган сценарийлердин бири – чалуучу өзүн мобилдик оператордун кызматкери катары тааныштырып, келишимди жаңыртуу максатында SMS аркылуу жөнөтүлгөн кодду шашылыш түрдө айтууну талап кылып, номер бөгөттөлөт деп коркутат. Мындайга эч качан ишенбеңиз, бул шылуундар!

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору эскертет: компаниянын кызматкерлери эч качан SMS'теги коддорду талап кылышпайт. Келишимди узартуунун кереги жок, ал эми номериңиз себепсиз бөгөттөлбөйт. Мындай манипуляцияларды cиздин аккаунттарыңызга же эсептериңизге кирүү аракетин көргөн алдамчылар гана колдонушат.

Шылуундарга алданбоо үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактай жүрүңүз:
• SMS аркылуу келген коддорду эч ким менен бөлүшпөңүз;
• шектүү шилтемелерди баспаңыз;
• коркутуу-кысым жасаган чалууларга ишенбеңиз.

Эгер cиз алдамчылыкка шектенсеңиз, Beeline'дын байланыш борборуна *611 номери аркылуу кайрылыңыз. Компания ар бир кайрылуу боюнча терең иликтөө жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрөт.

Beeline Кыргызстан өз кардарларынын жеке маалыматтарын коргоо үчүн колунан келгенин жасайт. Компания эл аралык ISO/IEC 27001 стандартына ылайык сертификациялоодон өткөн. Бул маалыматтар жогорку деңгээлде корголоорун тастыктайт. Заманбап технологиялар жана катуу ички жол-жоболор коркунучтарды азайтууга өбөлгө түзөт, ал эми эгер абоненттерибиз сак жана маалымдуу болушса, анда шылуундар алсыз калышат.

Өзүңүз этият болуп, жакындарыңызга да алдамчылардан коргонуу жолдору тууралуу айта жүрүңүз. Маалыматтарыңыз дайыма коопсуздукта болсун.

Бул мүмкүн. Бул Beeline.

https://beeline.kg/ru/aidana