close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Чет өлкөдө Google Карталар үчүн чексиздик – эми Beeline'дын роуминг топтомдорунда

Чет өлкөдө Google Карталар үчүн чексиздик – эми Beeline'дын роуминг топтомдорунда

Алдыда жай мезгили – көптөн күткөн эс алуу, каникул жана кызыктуу саякаттар убагы. Дүйнөнү ачууга даярсызбы? Beeline'дын эң пайдалуу роуминги Сиздин кызматыңызда.

Beeline улуттук мобилдик оператору роуминг топтомдорун кеңейтип, аларга популярдуу Google Карталар кызматтары үчүн чексиз трафикти кошту. Эми Сиз саякат учурунда, керексиз чыгым тартпастан жана калган мегабайттар жөнүндө кабатыр болбостон, онлайн навигациялоодон пайдалана аласыз.

Чет мамлекет – бул чоочун көчөлөр, башка тилдер жана башкача жашоо ыргагы. Ал жерде навигациялоо кызматтары Сиздин ишенимдүү жардамчыңызга айланат. Саякат учурунда байланышта болуу жана адашып кетпөө үчүн, Beeline'дын эң пайдалуу роуминг топтомдорун кошуп алыңыз:

«Роумингде 1 ГБ» топтому – 499 сом (*718*1#);
«Роумингде 5 ГБ» топтому – 1999 сом (*718*5#);
«Роумингде 10 ГБ» топтому – 2999 сом (*718*10#).

Ушул топтомдордун ар бири Google Карталар үчүн каралган чексиз интернет трафигин камтыйт (ылдамдыгы –  128 кбит/с чейин). Бул мейманканага, кафелерге, музейлерге жана аттракциондорго маршрут пландаштыруу жана ар кандай даректерди табуу үчүн жетиштүү. Саякаттын алдында, бара турган шаарлардын карталарын алдын ала жүктөп алууну сунуштайбыз.

Beeline'дын жаңыртылган роуминг топтомдору менен саякаттоо алда канча оңой, ыңгайлуу жана пайдалуу болот. Болгону карталарды ачып, багытты тандап, жолго чыгыңыз. Сапарыңыз байсалдуу болсун!

Beeline – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору

https://beeline.kg/ru/aidana