close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Акысыз түнкү безлимит, Орозо календары жана Рамазан айына карата калоо-тилектер

Акысыз түнкү безлимит, Орозо календары жана Рамазан айына карата калоо-тилектер

Beeline Кыргызстан жана Balance.KG кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайт.

Бул өзгөчө мезгилде мүмкүн болушунча көп жакшылык кылуу жана руханий тазаланууга умтулуу адатка айланган. Ал эми заманбап технологиялар орозонун эрежелерин толук карманууга, керектүү маалыматтарды алууга жана жакындарыңыз менен байланышта болууга жардам берет.

Рамазан айында камкордук жана чын пейилден даярдалган пайдалуу санариптик чечимдер сиздерге пайдалуу болот деп ишенебиз:

     •    Beeline дан «Түнкү безлимит». 1-марттан 30-мартка чейин Beeline өзүнүн абоненттерине түнкү мезгилде интернетке чексиз жеткиликтүүлүк берет. «Түнкү безлимит» кызматын «Мой Beeline» колдонмосунан акысыз жүктөп алыңыз жана түнкү 1:00 дөн таңкы  7:00гө чейин жогорку ылдамдыктагы интернет менен чектөөсүз колдонуңуз.
Кызмат тариф боюнча абоненттик төлөм жүргүзүлгөн учурда жеткиликтүү.  Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин «Түнкү безлимит» стандарттык шарттарда берилет (4 аптага 60 сом). Кызматты «Мой Beeline» колдонмосунда өчүрүп коюуга мүмкүн.

     •    Орозонун онлайн календары — Мой Beeline'да. 1-марттан баштап «Mой Beeline» тиркемесинин башкы бетинде функционалдык Орозо календары жеткиликтүү болот. Түздөн-түз тиркемеде ооз ачуу жана бекитүү эскертмелерин активдештирүү мүмкүн. Бул кызмат ыйык айда Сиздин ишенимдүү жардамчыңыз болот.

     •    Balance.KG ден Орозонун онлайн-календары. Balance.kg колдонмосунда дубалардын тексттери жана таймер менен ыңгайлуу календарь бар, ал орозо убактысын көзөмөлдөөгө жардам берет. Колдонмону ачып, Башкы беттеги «Орозо календары» баскычын басып, «Дуа (сухур жана ифтар)» бөлүмүн кошуп, пайдалуу функцияларды колдонуңуз.

«Рамазан — биримдиктин, камкордуктун жана жакшы ниеттердин мезгили. Бул берекелүү мезгил сиз үчүн жакындарыңыз менен ынтымактын, шыктануунун, руханий өсүүнүн жана жылуу көз ирмемдердин булагы болсун. Ыйык Рамазан айынын башталышы менен!»

https://beeline.kg/ru/aidana