Beeline'дан акысыз коворкингдер бардыгы үчүн ачык

Сиз өз алдынча билим алуу же аралыктан иштөө үчүн ыңгайлуу жай издеп жүрдүңүз беле? Эгер сиз Бишкекте, Жалал-Абадда же Караколдо жашасаңыз, мындай жайлар сиздин шаарда эле бар. Beeline Кыргызстан сизди ийгиликтүү окууңуз жана кесиптик жактан өнүгүүңүз үчүн керектүүнүн баары бар акысыз коворкингге барууга чакырат.

Beeline коворкингдери – бул ар бир адам эң маанилүү нерсеге көңүл бура турган ыңгайлуу иштөө чөйрөсү. Уюлдук оператор компьютердик техника, офистик эмерек жана Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле жагымдуу жана шыктандыруучу жагдайды камсыз кылуу менен жемиштүү иштөө үчүн бардык шарттарды түздү. Эске салсак: бул артыкчылыктардын бардыгын акысыз колдонсо болот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Beeline’дан төрт коворкинг иштейт. Алардын бардыгы ыңгайлуу жерлерде жайгашкан жана баарына жеткиликтүү.

Бишкекте:
                             1) КМТУдагы (Политех) Коворкинг.
                             Дареги: Ч. Айтматов проспекти, 66 (каб. 246).
                             Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, 8:00-17:00.
                            
                             2) Алыкул Осмонов атындагы №9 китепкананын базасындагы коворкинг.
                             Дареги: Чүй проспектиси, 111.
                             Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, 8:00-17:00.

Жалал-Абадда:
                             3) Жалал-Абаддык облустук китепкананын базасындагы коворкинг.
                             Дареги: Ленин аянты, 20.
                             Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, 8:00-17:00.
Караколдо:
                             4) Ы. Туманов атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайындагы коворкинг.
                             Дареги: Гебзе көч., 120.
                             Иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00-18:00, ишемби 9:00-17:00.

Beeline’дын коворкингдерине келип, окуу же иштөө үчүн таасирдүү мейкиндикти ачыңыз!

https://beeline.kg/ru/aidana