close
Мой Beeline

Мой Beeline

???androidSubtitle???

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

???iosSubtitle???

???back???

Beeline өлкөнүн бардык аймактарында «Жаңы жылдык коломтосу» жандырат

Beeline өлкөнүн бардык аймактарында «Жаңы жылдык коломтосу» жандырат

Кыргызстанда Жаңы жылды тосуу – бул кубанычка, жомок сезимине жана жылуу жолугушууларга толгон өзгөчө убакыт. Майрамдык маанай ого бетер жаркырашы үчүн Beeline мамлекеттик оператору «Жаңы жылдык коломтосу» аттуу иш-чаралардын сериясын баштады. 

Жандуу музыка, даамдуу тамак-аш менен ысык чай, белектер менен кызыктуу конкурстар жана, албетте, Аяз ата, Аяз кыз жана башка жомок каармандары – Beeline ушундай кызыктуу программасы менен бүт өлкө боюнча Жаңы жылдык саякатын баштады.

Биринчи «Жаңы жылдык коломтосу» 19-декабрда Каракол шаарында шаардык мэрия менен биргеликте өткөрүлдү. Иш-чара шаардын аянтында жүздөгөн конокторду чогултуп, алар жайлуу жана чыныгы майрамдык атмосферада убакыт өткөрүштү.

Бул башталышы гана — Beeline майрамы Кыргызстандын башка шаарларына да жөнөп кетти. Өзүңүздүн шаарыңыздагы «Жаңы жылдык коломтосу» өткөрүп жибербеңиз: 
•    23 декабрь 18:00 — Кара-Балта, борбордук аянт;
•    24 декабрь 18:00 — Баткен, борбордук аянт;
•    25 декабрь 18:00 — Манас, борбордук аянт;
•    26 декабрь 18:00 — Ош, борбордук аянт  
•    26 декабрь 18:00 — Талас, борбордук аянт;
•    27 декабрь 16:00 — Нарын, борбордук аянт;
•    28 декабрь 18:00 — Бишкек, «Ынтымак» паркы;
•    28 декабрь 18:00 — Токмок, борбордук аянт.

Маанилүү: график өзгөрүшү мүмкүн. Beeline'дын Instagram жаңылыктарды байкап туруңуз — «Жаңы жыл» бөлүмүндө иш-чаралардын өткөрүлүшү тууралуу актуалдуу маалымат жарыяланат. 

Beeline бардык каалоочуларды «Жаңы жылдык коломтосу» баш багууга чакырат. Кирүү акысыз. Бүт үй-бүлөңүз, жакындарыңыз жана досторуңуз менен келиңиз — көңүлдүү болот! 

Beeline – оператордон да артык. 
 

https://beeline.kg/ru/aidana