close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline «i-Жай» акциясынын финалдык этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Beeline «i-Жай» акциясынын финалдык этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Beeline Кыргызстан мобилдик оператору масштабдуу «i-Жай» акциясын аяктады. Үч ай ичинде катышуучулар байланыш кызматтарын активдүү колдонушту жана утуш упайларын топтоп, «Мой Beeline» тиркемесинде атайын карталарды ачышты. Ар бир этаптын аягында Beeline жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөргө татыктуу сыйлыктарды тапшырды.

Акцияны эң көп упай топтогондор гана эмес, 50, 100, жада калса 200-орунга ээ болгон абоненттер да утушка ээ болушмак. Бул формат ар бир адамдын баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдеди.

«i-Жай» акциясынын үчүнчү этабы салт боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен аяктады. Байгелүү орундарга ээ болгон катышуучуларга iPhone 15, Apple Watch акылдуу сааттары жана Apple Air Pods 3 кулакчындарынын сертификаттары тапшырылды. 

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана биздин иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз. Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантууда, демек, алдыда сиздерди дагы көп сюрприздер жана пайдалуу сунуштар күтөт.
 

https://beeline.kg/ru/aidana