close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline компаниясы Кыргызстандын түштүгүндө тармактын сапатын масштабдуу жакшырууну жүргүзөт

Beeline компаниясы Кыргызстандын түштүгүндө тармактын сапатын масштабдуу жакшырууну жүргүзөт

Урматтуу абоненттер, Beeline Кыргызстан уюлдук оператору сиздерди мыкты мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоо үчүн өз тармагын өнүктүрүүнү улантууда.

Май айынын ичинде Кыргызстандын түштүк аймактарында масштабдуу рефарминг —  заманбап жана жогорку ылдамдыктагы 4G/LTE технологияларынын пайдасына жыштыктарды кайра бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Пландаштырылган техникалык иштер байланыштын сапатын бир топ жакшыртат, мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатат жана республиканын түштүк аймактарынын тургундары үчүн заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтет.

4G/LTE тармагына туташуу үчүн SIM картаңыз жана смартфонуңуз 4G технологиясында колдоого ээ болушу керек. Сиз эски үлгүдөгү SIM картаңызды 4G колдоосу бар жаңы SIM-картага Beeline’дын жакынкы кеңсесинде АКЫСЫЗ алмаштыра аласыз, мында номериңиз жана учурдагы тарифтик планыңыз өзгөрүүсүз калат. Ошондой эле смартфонуңуздун жөндөөлөрүнөн тармак режимин 4Gге которууну унутпаңыз. Кошулуу боюнча кадамдык нускамаларды шилтемесинен тапса болот. 

Эскирген 3G стандартына салыштырмалуу 4G технологиясы туруктуу байланышты камсыздайт жана жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонууга, файлдарды тез жүктөөгө, видеолорду жогорку сапатта көрүүгө, онлайн оюндарды ойноого жана мобилдик тиркемелерди тез колдонууга мүмкүндүк берет. 4G тармагын өнүктүрүү аймактарды санариптештирүүгө, билим берүү, бизнес жүргүзүү жана жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт.

https://beeline.kg/ru/aidana