close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline тармакты активдүү өнүктүрүүнү улантууда

Beeline тармакты активдүү өнүктүрүүнү улантууда

Ишенимдүү жана үзгүлтүксүз мобилдик байланыш күнүмдүк жашоонун маанилүү атрибуту болуп калды. Тармактын сапатына талаптар тынымсыз өсүөдө, ошондуктан Beeline Кыргызстан мобилдик оператору аны өнүктүрүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатат.

Компания өзүнүн камтуу чөйрөсүн кеңейтип, өлкө боюнча жаңы базалык станцияларды куруп жатат. Ал эми иштеп жаткан объектилерди үзгүлтүксүз модернизациялоо түйүндүн сыйымдуулугун жогорулатууга жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Тармактын сапатын жогорулатуу боюнча иштер уланып гана тим болбостон, масштабы да көбөйүүдө. Акыркы эки аптада эле Beeline 60тан ашык базалык станцияларды курууну жана модернизациялоону аяктады: 
•    Чүй облусунда (Озерное а.);
•    Ош облусунда (Өзгөн ш., Жаңы-Кызыл-Суу а., Правда а., Баш-Булак а., Жеке-Мисте а., Мады а/о, Айбек а., Кыдырша а., Кызыл-Абад а., 1-Май айылынын жана Бөрү айылынын жанында);
•    Баткен облусунда (Кадамжай ш., Кызыл-Кыя ш., Кызыл-Булак а., Ак-Булак а., Алга а., Кызыл-Коргон а., Апкан а., Арал а., Халмион а., Сухона а., Жаңы-Айыл а., Кайтпас а., Караван а., Чукур а., Пүлгөн а., Сырт а.), 
•    Жалал-Абад облусунда (Майлуу-Суу ш., Кочкор-Ата ш., Алма а., Бек-Абад а., Сакалды а., Жазгак а., Бирдик а., Кызыл-Туу а., Масы а., Бостон а., Орто-Азия а., Орто-Сай а., Спасовка а., Сузак а., Өлөң-Булак а., Үлгү а., Абдраимов а., Гумхана а., Аук а., Октябрь-3 а., Сары-Булак а., Чечме а., Базар-Коргон а., Жети-Кошкон а., Жашасын а., Ленин а.).

Ошондой эле учурда Бишкектеги базалык станциялардын натыйжалуулугу да жогорулатылууда.

Белгилей кетсек, Beeline дүйнөгө белгилүү Ookla компаниясынан Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернети үчүн сыйлык алган. Ал эми жакында уюлдук оператор 4G/LTE тармагы аркылуу үн чалууларды жасоого мүмкүндүк берген алдыңкы VoLTE технологиясын ишке киргизгенин жарыялады. Бул тунук үндү, тез терүүнү жана чалуу учурунда жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул кызмат iPhone колдонгон абоненттерге жеткиликтүү. Жакында уюлдук оператордун бардык кардарлары VoLTEнин артыкчылыктарын баалай алышат.

Beeline ишенимдүү жана сапаттуу байланышты камсыз кылуу менен тармакты өнүктүрүүгө инвестиция салууну жана акыркы технологияларды киргизүүнү улантууда.

https://beeline.kg/ru/aidana