close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline — Кыргызстандагы маалыматтык коопсуздук стандарттары боюнча №1 оператор

Beeline — Кыргызстандагы маалыматтык коопсуздук стандарттары боюнча №1 оператор

Beeline Кыргызстан улуттук мобилдик оператору өлкөбүздөгү ISO/IEC 27001 эл аралык маалыматтык коопсуздук стандарты боюнча сертификатталган биринчи жана жалгыз телеком-операторунун эксклюзивдүү статусун ырастады. 

Компания BSI France — алдыңкы эл аралык сертификациялоо органдарынын биринин аудитинен ийгиликтүү өттү. Алынган ISO/IEC 27001:2022 сертификаты — Beeline маалыматтык коопсуздук системасынын дүйнөдөгү эң актуалдуу талаптарына шайкеш экендигин тастыктайт. Стандарт санариптик экосистеманы коргоонун: маалыматтарга кирүү көзөмөлүн камсыз кылуудан баштап, татаалдыктын ар кандай деңгээлиндеги окуяларга жөнгө салынган жооп кайтарууга чейинки толук циклин камтыйт.

ISO/IEC 27001 стандартына шайкештик киберкоопсуздук жаатындагы Beeline Кыргызстандын позициясын арттырат жана компанияны рыноктогу технологиялык өнөктөштөрдөн айырмалап турат. Бул заманбап коомдо чоң артыкчылык берет, анткени көптөгөн маанилүү процесстер санариптик мейкиндикте жүрүүдө жана киберкоркунучтар барган сайын татаалдашып, түрлөрү да көбөйүп баратат. 

Аудиттин ийгиликтүү өтүшү — бул Beeline үчүн ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштеген жана өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын туруктуулугуна салым кошкон мамлекеттик телеком-оператор катары ишенимдин маанилүү көрсөткүчү. Бүгүнкү күндө маалыматтык коопсуздук бизнес, мамлекет жана ар бир кардар үчүн негизги талаптардын бири болуп саналат. Ошондуктан биз маалыматтарды коргоого инвестиция салуудабыз, ички процесстерди жакшыртып, ошондой эле киберкоопсуздук кызматтарын иштеп чыгуудабыз жана санариптик экосистемаларды коргоо үчүн ишенимдүү чечимдерди сунуштайбыз.

ISO/IEC 27001 сертификаты менен тастыкталган экспертизанын негизинде, Beeline компаниясында SkySOC маалыматтык коопсуздук киберкоркунучтарын көзөмөлдөө, жооп берүү жана аларга каршы турууга мониторинг жүргүзүү борбору иштейт, ал кардарлардын кеңири спектри үчүн сапаттуу киберкоопсуздук кызматтарын көрсөтөт. Бул өзгөчө финансы секторунда жана сезимтал маалыматтар менен иштөөчү компаниялар үчүн маанилүү:  коркунучтардан коргонууну эле эмес, финансылык жоготууларды жана кадыр-баркка доо кетирбөө үчүн тобокелдиктерди өз убагында байкап, аларга тез арада жооп берүү маанилүү. 

Beeline компаниясынын SkySOC кардарларга кесипкөй мониторинг жүргүзүү, коркунучтарды алдын алуу жана кибер чабуулдардан коргоонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул учурда компанияларга өзүлөрүнүн инфраструктурасын түзүүнүн кажети жок: маалыматтык коопсуздукту Beeline компаниясынын тажрыйбалуу адистеринин тобуна тапшыруу жетиштүү. SkySOC мүмкүнчүлүктөрү жана кызматтары менен компаниянын сайтынан таанышууга болот. 

Beeline коопсуздукка, маалыматтарды коргоого жана эл аралык стандарттарга жооп берүүгө өзгөчө көңүл буруп, ыңгайлуу санариптик чечимдерди иштеп чыгууну улантат.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

https://beeline.kg/ru/aidana