close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline «i-Жай» акциясынын жаңы жеңүүчүлөрүн сыйлады

Beeline «i-Жай» акциясынын жаңы жеңүүчүлөрүн сыйлады

Календарь боюнча күз келди, ал эми Beeline Кыргызстан уюлдук оператору жайкы маанайды узартууда. «i-Жай» масштабдуу акциясы уланууда жана ал биринчи орундар үчүн гана эмес, 50, 100, ал тургай 200-орун үчүн да баалуу сыйлыктарды утуп алууга мүмкүнчүлүк берет. Акциянын жеңүүчүлөрү мунун Beeline менен мүмкүн экенин тастыкташат!

Бир ай бою «i-Жай» акциясынын экинчи этабынын катышуучулары утуш упайларын топтоп жатышты.Төмөндө бул милдетти мыкты аткаргандардын тизмеси:

•    1-орун – Асель Сулайманова; 
•    2-орун – Эрмек Соурбаев; 
•    3-орун – Самыйбек Урманбетов.
•    25-орун – Гульзат Джаналиева; 
•    50-орун – Андрей Суходольский; 
•    75-орун – Саида Урманбетова; 
•    100-орун – Азамат Раимбеков; 
•    125-орун – Умут Джусупбекова; 
•    150-орун – Аким Самыйбек уулу; 
•    175-орун – Азизбек Жумадилов; 
•    200-орун – Нулифар Нишанова.

Жеңүүчүлөр iPhone 15, Apple Watch Series 8 акылдуу сааттары жана Apple Air Pods 3 кулакчындарыныны сертификаттарын алышты.

Акцияга катышуу оңой: «Мой Beeline» тиркемеси же *1000# буйругу аркылуу ага бекер кошулуңуз. Балансты толуктоо, тарифти төлөө, жаңы кызматтарды кошуу жана башка жөнөкөй аракеттер үчүн сыйлык упайлары берилет. «Мой Beeline» тиркемесинде атайын кызмат да бар – кошумча упайлары бар карталар. Акы төлөп, сиз ар бир саат сайын 3 картаны ача аласыз, бул сиздин утуш мүмкүнчүлүгүңүздү бир кыйла жогорулатат. 

«i-Жай» акциясынын үчүнчү этабы сентябрдын аягына чейин уланат. Катышып, утушка ээ болуңуз!

https://beeline.kg/ru/aidana