close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline кыргыз кинематографиясын колдоону улантууда

Beeline кыргыз кинематографиясын колдоону улантууда

Кыргыз киносу ийгиликтүү өнүгүп, жанрдык жана географиялык жактан алкагын кеңейтүүдө. Айрыкча, бул багыт көрүүчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн колдоосуна ээ болуп жатканы кубандырат. 

Beeline мамлекеттик уюлдук оператору Руслан Акундун "Нелегал. Мексика аркылуу" аттуу жаңы тасмасынын расмий демөөрчүсү болду. Эртең тасма Кыргызстандын бардык кинотеатрларында кеңири прокатка чыгат. 

"Нелегал. Мексика аркылуу" тасмасы Түштүк Америкада тартылган биринчи кыргыз экшн-драмасы катары көңүлдү бурууга жетишти. Сюжеттин негизинде Мексика аркылуу Америка Кошмо Штаттарына мыйзамсыз миграциянын татаал жана кооптуу жолу тууралуу баяндалат, аны биздин мекендештер да басып өтүшөт. Тасма терең жана актуалдуу темаларды козгойт: жакшы жашоо издеп, кыйынчылыктарга туруштук берүү жана өз тандоосу үчүн жоопкерчилик. 

Beeline үчүн бул долбоорго катышуу ата мекендик кинематографияны колдоого багытталган чоң стратегиянын кезектеги этабы болуп калды. Буга чейин компания "Бейиш 2: Апама кат" тасмасынын расмий өнөктөшү болгон. 

— Биз таланттуу режиссер Руслан Акун менен кызматташууну улантып жатканыбызга кубанычтабыз, — деп белгиледи Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Биз үчүн бул жөн гана айрым тасманы колдоо эмес, жалпы эле кинематографиябыздын өнүгүшүнө салым кошуу. Бүгүн кыргыз киносу көрүүчүлөр менен барган сайын тайманбастан жана ачык сүйлөшүп, маанилүү темаларды көтөрүп, өз маданияты менен байланышты бекемдөөдө. Биз экранда ушундай күчтүү, чын ыкластуу жана шыктандыруучу окуялар мүмкүн болушунча көбүрөөк болушун каалайбыз. 

"Нелегал. Мексика аркылуу" тасмасын 19-марттан баштап бардык кинотеатрлардан көрүңүз. Ал эң негизги нерсе жөнүндө: кээде эң жакшы жашоо кайдадыр алыста эмес, жаныңда эле болушу мүмкүн экендигин жана ал чыныгы кымбат адамдардын жанында болуу мүмкүнчүлүгүнөн баштала турганын эскертип өтсүн.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

https://beeline.kg/ru/aidana