close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline'дын «Карталык БУМ» акциясында AirPods жана башка байгелерди утуп алыңыз.

Beeline'дын «Карталык БУМ» акциясында AirPods жана башка байгелерди утуп алыңыз.

Көңүл ачууну жана белектерди сагындыңызбы? Beeline кызыктуу «Карталык БУМ» акциясын тартуулайт — жөнөкөй эрежелерге жана сонун байгелерге (анын ичинде AirPods 3) ээ оюн.
Оюнга «Мой Beeline» тиркемесинин «Акциялар» бөлүмү аркылуу дароо азыр кошулуңуз. Сиздин максатыңыз — бир оюн кезекгинде тогуздан эки картаны ачып, утушка жетүү үчүн керектүү упайларды топтоо.

Эгер эки окшош карта тапсаңыз, 10 упай аласыз. Эгер карталар ар башка болуп чыкса, анда упай берилбейт. Абайлаңыз: карталардын арасында «бомба» катылган, ал 2 упай жеп кетет. Күнүнө оюн кезектеринин саны чектелген эмес. Демек, жеңишке жетүү шансыңыз көбүрөөк болот.

Эки этаптан турган акциянын мөөнөтү: 2024-жылдын 7-ноябрынан 2025-жылдын 7-январына чейин. Ар бир этаптын жыйынтыгы боюнча эң көп упай топтогон үч жеңүүчү аныкталат. Ошентип, алты бактылуу жеңүүчү байгелерге ээ болушат:
• 1-орун — AirPods 3 кулакчындары;
• 2-орун — брендделген термос;
• 3-орун — фирмалык термокружка.

«Карталык БУМ» оюнуна катышып, утушка жетиңиз!

https://beeline.kg/ru/aidana