Корпоративдик кардар болуңуз

Корпоративдик кардар болуу
Beeline корпоративдик байланышы юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жеткиликтүү. Кызматтарга туташуу үчүн 5 же андан көп адамдан турган топ түзүү зарыл.
Биздин корпоративдик кардарыбыз болуңуз
Форманы толтуруңуз, биз сиз менен жакын арада байланышабыз.
Туташуу үчүн керектүү документтер
Корпоративдик мобилдик байланыш кызматтарына келишим түзүү үчүн керектүү документтерди даярдап алыңыз.
1
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү / жеке ишкерлер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан берилген документтин көчүрмөсү
2
Уюмдун уставынын көчүрмөсү (жеке ишкерлерден тышкары)
3
Уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (башкы директорду дайындоо жөнүндө чечим)
4
Компания жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү
5
Компания жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, юридикалык дареги жана банктык реквизиттери көрсөтүлгөн бланк (юридикалык дареги, банктын аталышы жана дареги, эсептик эсеп, ИСН, БИК, РСИ коду)
6
«Скай Мобайл» ЖЧКсы менен болгон мамилелерде уюмдун кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылуу үчүн берилген башкы ишеним кат
7
Ишенимдүү өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү
8
Уюмдун мөөрү


