Компания тууралуу
Компаниянын тарыхы
1997-жыл — «Бител» ЖЧКсы түзүлгөн.
1998-жылдын 1-августунда - 1997-жылы негизделген «Бител» ЖЧКнын тармагында, Кыргызстандын GSM тармагындагы биринчи чалуу аткарылган.
2001-жыл – кийинчерээк Mobi брендине айланган MobiCard соода маркасы ишке киргизилген.
2006-жыл – Бител брендинин астында көрсөтүлгөн мобилдик кызматтарды «Скай Мобайл» ЖЧК көрсөтө баштаган.
2009-жыл – компания, кызматтарын Beeline бирдиктүү эл аралык брендинин астында көрсөтө баштаган.
2010-жыл – «Скай Мобайл» ЖЧКсы VEON Ltd эл аралык телекоммуникациялык компанияларынын тобуна кирген.
2024-жыл - VEON түзүмүн жөнөкөйлөтүү жана ири рынокторго топтолуу стратегиясын ишке ашыруу менен Beeline Кыргызстандагы өздүк үлүшүн сатуу ниетин жарыялады.
2025-жыл - «Скай Мобайл» ЖЧКнын 100% үлүшүн сатуу боюнча бүтүм аяктады. Сатып алуучу - «Элдик Банк» ААКы.
Технологиялык өнүгүүнүн негизги этаптары:
- Beeline 2010-жылдын декабрында GSM-операторлордун ичинен биринчи болуп Кыргызстанда үчүнчү муундагы (3G) түйүндү ишке киргизип, 2012-жылдын февралына карата аны өлкөнүн бардык жети облусуна жайгаштырган.
- 2016-жылдын май айында Кыргызстандын бардык региондорунда төртүнчү муундагы (4G) мобилдик түйүнү ишке киргизилген.
- Beeline 2018-жылы мобилдик интернеттин ылдамдыгын эки эсеге көбөйткөн LTE-advanced жаңы технологиясын киргизди.
- 2024-жылдын март айында Beeline Кыргызстан эң ылдам 4G-интернет үчүн Ookla`нын (байланыш чөйрөсүндө дүйнөгө таанылган лидер) абройлуу сыйлыгына татыган.
- 2024-жылы 4G/LTE тармагы аркылуу дароо чалуу жана кынтыксыз таза үнү менен чалуу жана SMS жөнөтүүгө мүмкүндүк берген VoLTE жаңы технологиясы (Voice over LTE) ишке киргизилди.
Beeline жана «Элдик банк» синергиясы
Beeline менен «Элдик банктын» биригүүсү Кыргызстандын туруктуу жана инклюзивдик өнүгүүсүнүн жалпы максаты үчүн байланышты, каржыны жана технологияларды бириктирген улуттук санариптик экосистеманын негизин түзөт.
Биз биргелешип кардарлар, бизнес жана коом үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, санариптик жана каржылык кызматтарды ар бир адам үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылабыз.