Компания тууралуу
Beeline компаниясы тууралуу
Beeline Кыргызстан —сапаттын жогорку стандарттарын карманган, алдыңкы технологияларды киргизген жана бардыгы үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн улуттук мобилдик оператор. Тармактын сапатын тынымсыз жакшыртуу менен Beeline кыргызстандыктар үчүн ишенимдүү байланышты, мыкты интернет туташуусун жана заманбап санариптик кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
Биздин миссия
Биз Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу менен адамдарды бириктирип, аларга дем беребиз.
Биздин баалуулуктар
- Кардарларга багытталгандык
- Натыйжага багытталгандык
- Ишенимдүүлүк
- Инновациялуулук
- Ынтымактуу команда
- Кызматташтык
Байланыш технологиялар
Биз сапаттын жогорку стандарттарын карманабыз, алдыңкы технологияларды киргизебиз жана ар бир адам үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз. Beeline Кыргызстан GSM-900/1800 жана WCDMA/UMTS 2100/900 (3G) жана LTE 800/1800/2100/2600 (4G) стандарттарында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтөт.
Beeline алдыңкы технологияларды жайылтып, сапаттын жогорку стандарттарын карманат жана өз абоненттери үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга умтулат. Компания бүткүл республика боюнча үзгүлтүксүз базалык станцияларды куруп жана модернизациялап, түйүндүн камтылышын кеңейтип, ишенимдүү байланышты жана мыкты интернет-байланышты камсыздап турат.
Жоопкерчиликтүү мамиле
Биз кардарларыбыздын маалыматтарын коргоо үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Компания киберкоопсуздуктун эң катаал нормаларына жооп берет жана ISO/IEC 27001 эл аралык сертификатына ээ. Бул дүйнө жүзү боюнча таанылган стандарт, ал маалыматтарды киберкоркунучтардан ишенимдүү коргоону тастыктайт.
Биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана иштейбиз. Бардык радио берүүчү түзүлүштөр аккредитацияланган лабораторияларды тартуу менен электромагниттик талаалардын деңгээлин көзөмөлдөөдөн өтөт, бардык белгиленген нормаларга жана талаптарга жооп берет, дайыма санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдө турат жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан иштетүүгө уруксат берилген. Ошентип, Beeline жабдуулары адамдардын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз.
Биз Туруктуу өнүгүү принциптерин (ESG (Environmental, Social, and Corporate Governance) сактайбыз, айлана-чөйрөгө кам көрүүгө, социалдык жоопкерчиликке жана натыйжалуу корпоративдик башкарууга өзгөчө көңүл бурабыз. Компания тынымсыз социалдык жана экологиялык долбоорлорду ишке ашырат, жаштар жана кесиптик өсүү программаларын колдойт, Кыргызстандын санариптик жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошот.