Негизги мазмунга өтүү
image
image
Назад
Beeline байланыштын сапатын жакшыртат: жаңы VoLTE технологиясы эми iPhone үчүн да жеткиликтүү

Beeline байланыштын сапатын жакшыртат: жаңы VoLTE технологиясы эми iPhone үчүн да жеткиликтүү

Урматтуу абоненттер, биз сиздерге VoLTE (Voice over LTE) ишке киргизилгендиги тууралуу кабарлаганыбызга кубанычтабыз. Бул 4G/LTE тармагы аркылуу үн чалууларды жасоого мүмкүндүк берген алдыңкы технология. Бул кызмат эми iPhone колдонгон Beeline абоненттерине жеткиликтүү.

VoLTE артыкчылыктары:
- Байланыштын сапаты жакшыраак. Ашыкча ызы-чуусу же тоскоолдуктары жок эң сонун таза үндөн ырахат алыңыз.
- Тез чалуу. Номерди тергенден кийин тыныгууларды унутуңуз - VoLTE менен туташуу тез ылдамдыкта болот.
- Үн байланышын жана интернетти бир убакта колдонуу мүмкүнчүлүгү. Жогорку ылдамдыктагы 4G интернет чалуу учурунда да жеткиликтүү.
- Колдонуу акысыз. VoLTE технологиясын толугу менен бекер колдонуңуз!

VoLTE кызматы автоматтык түрдө кошулат. iPhone колдонуучулары аны смартфондорунун жөндөөлөрүнөн туташтыра алышат (Жөндөөлөр - Уюлдук байланыш- Маалымат параметрлери - Үн жана маалымат - VoLTE чалуулары).

Толук маалымат бул шилтемеде жеткиликтүү. VoLTE технологиясынын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн баалаңыз!

20 мая 2024