
«Үйдөгүдөй роуминг» кызматынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө
09 апр. 2024
Урматтуу абоненттер, 2024-жылдын 19-апрелинен баштап, «Үйдөгүдөй роуминг» кызматынын шарттарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз:
• кызмат 4 апталык гана эмес, 1 апталык тарифтик пландардын абоненттери үчүн да жеткиликтүү болот;
• күнүмдүк топтомдун алкагында роумингде 10 мүнөт берилет;
• эң негизгиси, «Үйдөгүдөй роуминг» эми Сауд Арабиясында да иштейт – Умрага, кичи же чоң ажылыкка ыңгайлуу сапар үчүн күнүнө 199 сомго чексиз интернет* берилет.
Аларды шилтеме аркылуу көрө аласыз.
*400 МБ жогорку ылдамдыкта берилет, андан кийин топтомдун аягына чейин ылдамдык 128 Кб/сек чейин төмөндөйт.
Интернетти кайрадан жогорку ылдамдыкта колдонуу үчүн, суткасына 199 сомго *780*9# буйругу аркылуу топтомду жаңырта аласыз.
09 апр. 2024