Негизги мазмунга өтүү
image
image
image
image
Оригиналдуу Apple өнүмдөрүн насыяга тез жана оңой сатып алыңыз
Оригиналдуу Apple өнүмдөрүн насыяга тез жана оңой сатып алыңыз

Оригиналдуу Apple өнүмдөрүн насыяга тез жана оңой сатып алыңыз

Beeline Кыргызстан жана «Дос-Кредобанк» Apple гаджеттерин сатып алуу боюнча насыялоо сунушун даярдашты. Эми Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу сатуучусу болгон Beeline компаниясынын кеңселеринен iPhone жана башка оригиналдуу өнүмдөрдү 30 мүнөттүн ичинде насыяга сатып алсаңыз болот.

  • Asia Mall СБдагы Beeline кеңсесинде «Дос-Кредобанктын» адиси насыя алууга жардам берет.
  • «Бишкек Парк» СБдагы Beeline кеңсесинде кардарлар насыяны Токтогул көч., 171/1 дареги боюнча жакынкы «Дос-Кредобанктын» бөлүмүнөн тариздетсе болот.
  • Ибраимов 115/1 көчөсүндөгү Beeline кеңсесинен өнүмдөрдү сатып алууда насыяны ГУМдагы «Дос-Кредобанктын» филиалынан алса болот.

Мындай мүмкүнчүлүктү «Дос-Кредобанк» банкынын «Ылдам» өнүмүнүн аркасында ишке ашырууга мүмкүн болду. Бул телефондорду сатып алуу үчүн берилген керектөө насыясы болуп эсептелет. Анын негизги артыкчылыктары – каржылоону күрөөсүз берүү жана тез карап чыгуу мүмкүнчүлүгү (документтер берилгенден кийин 30 мүнөт).

Насыя 21 жаштан 75 жашка чейинки адамдарга берилет. Суммасы насыянын суммасынан жылдык пайызы 29,9% менен 3 миң сомдон 200 миң сомго чейин 3 айдан 24 айга чейин болушу мүмкүн. Алгачкы төлөм: 0% – 150 000 сомго чейин; 150 000 сомдон жогору – товардын наркынын 10%.

Насыя алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Эгерде кардардын Соцфондго/пенсиялык фондго чегерүүлөрү болсо Паспорт;
- Паспорт жана кызмат ордун, чегерүүлөрдү жана кармап калууларды көрсөтүү менен акыркы 3 ай үчүн эмгек акысы жөнүндө маалымкат (Соцфонд, киреше салыгы);
- Паспорт жана акыркы 3 ай үчүн жана акыркы ай үчүн квитанция менен патент.

11 дек. 2023

Оригиналдуу Apple өнүмдөрүн насыяга тез жана оңой сатып алыңыз