Негизги мазмунга өтүү
image
image
Назад
Бишкектеги Beeline Кинокечесине келиңиз!

Бишкектеги Beeline Кинокечесине келиңиз!

Бул иш-чараны өткөрүп жибербөө керек! Ушул ишембиде, 5-октябрда Бишкекте Beeline Кинокечеси. Уюлдук оператор борбор калаанын тургундарын жана конокторун кино, музыка жана сюрприздердин атмосферасында сонун убакыт өткөрүүгө чакырат.

Beeline Кинокечеси «Ынтымак-2» сейилбагынын амфитеатрында саат 18:00 башталат. Бардык каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Сизди төмөндөгүдөй программа күтөт:

  • Режиссер Максат Жумаевдин, «Чебер Production» студиясынын жана «Этномедиа» онлайн кинотеатрынын колдоосу менен уюштурулган «Жаным» тасмасынын көрсөтүлүшү;
  • Сиздер үчүн тасманын саундтректерин жана башка хиттерди аткара турган атайын конок AIHAN;
  • Кызыктуу интерактивдер жана байгелер менен сынактар;
  • Ыңгайлуу атмосфера жана ысык чай.

Досторуңуз жана жакындарыңыз менен чогуу келип, шаңдуу эс алып кетиңиз! Beeline Кинокечеси кызыктуу жана унутулгус болот.

04 окт. 2024