
Бишкектин борборундагы Beeline жаңы кеңсесинин майрамдык ачылышына келиңиздер!
13 дек. 2023
Beeline Кыргызстан Компаниясы сатуу жана тейлөө түйүндөрүнүн тармагын кеңейтүүнү улантууда. Жакында «Дордой Плаза -2» соода борборунда уюлдук оператордун дагы бир кеңсеси кардарлары үчүн эшигин ачат. Бул иш-чаранын урматына Beeline майрам уюштуруп, борбор калаанын тургундарын жана конокторун кызыктуу программага катышууга чакырат.
Ушул жекшембиде, 17-декабрда, «Дордой Плаза-2» СБнун биринчи кабатында Beelinе жаңы флагмандык кеңсесинин салтанаттуу ачылышы болот. Конкурстар, белектер жана артисттердин катышуусу менен интерактивдүү программа саат 16:00дө башталат. Убакытты көңүлдүү өткөрүп жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Эскерте кетсек, Beeline Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу сатуучусу статусу бар Кыргызстандагы биринчи мобилдик оператор. «Дордой Плаза-2» СБда жайгашкан жаңы сатуу түйүнүнөн сиз расмий кепилдик менен оригиналдуу Apple өнүмдөрүн сатып ала аласыз. Мындан тышкары, Beeline кеңселеринде iPhone сатып алууда сизди пайдалуу акциялар жана эксклюзивдүү сунуштар күтөт.
13 дек. 2023