
Beeline менен Optima24 тиркемесин интернет-трафикти эсепке албастан колдонуу мүмкүн
29 фев. 2024
Beeline Кыргызстан уюлдук оператору жана Оптима Банк келишим түзүштү.
Интернет-трафиктин кереги жок!
Beeline'дын бардык абоненттери Optima24 мобилдик тиркемесин АКЫСЫЗ колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Интернет-топтомуңуз түгөнүп калса, же, балансыңызда каражат жетишсиз болсо дагы, Сиз каражаттарыңызды ар дайым башкара аласыз.
Бул кандай иштейт?
Мобилдик интернетти күйгүзүп, ➡️ Beeline'дын SIM картасын тандаңыз. ✅ Даяр!
Optima24 мобилдик тиркемеси адаттагыдай эле иштей берет.
Optima24 менен финансылык иштерди аткаруу оңой!
Интернет-трафик үчүн кошумча чыгым тартпастан, каалаган убакта дүмүрчөктөрдү жана кызматтардын акыларын төлөңүз, акча которуңуз жана алыңыз, банктын кызматтарынан пайдаланыңыз.
29 фев. 2024