Негизги мазмунга өтүү
image
image
Назад
Номерлерди корпоративдик топтон чыгаруу жөнүндө

Номерлерди корпоративдик топтон чыгаруу жөнүндө

Урматтуу абоненттер, 2023-жылдын 15-августунан баштап, Сиздердин корпоративдик топтун ээсинин арызынын негизинде, номерлер корпоративдик топтон чыгарыла тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз.
Байланыш кызматтарын сактап калуу максатында, Сиздин номериңиз жеке жактын номери катары тейлене баштайт.
Лоялдуулук максатында тарифиңиздин негизги топтомдору жана абоненттик төлөмү Сиз үчүн өзгөрүүсүз калат.
Ошону менен бирге, «Бизнес Эркиндик» жана «Бизнес Ийгилик» акциялык тарифтик опцияларынын шарттарына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилет:
• тарифтердин жаңы аталыштары – «Включай Эркиндик» жана «Включай Ийгилик»;
• тарифтик топтомдордун жарактуулук мөөнөтү 28 сутканы түзөт;
• тарифтик пландын шарттарына ылайык, тарифтин абоненттик төлөмүн толугу менен төлөө үчүн каражат жетишсиз болгон учурда,
Сиздин номериңизди байланыш кызматтарынан ажыратпоо үчүн, балансыңыздагы каражатка жараша күнүнө 40 сомго чейин алынып, бир күндүк интернет жана тармак ичинде/тармактан тышкары мүнөттөр/SMS'тер топтомдору берилет.
Тарифтин абоненттик төлөмү өз убагында төлөнгөн учурда, бир күндүк топтомдор кошулбайт;
• негизги интернет топтом түгөнгөн учурда, эгер балансыңызда каражат жетиштүү болсо, интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн, тарифтин шарттарына ылайык Сизге 20/30/40 сомго «Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдору берилет.
Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү 24 саатты түзөт.
• тариф боюнча тармактан тышкары чалуулар үчүн берилген топтом аяктаган соң, эгер балансыңызда акча каражат болсо, 10 сомго КРнын башка уюлдук операторлоруна чалууга 5 мүнөттүк топтом жеткиликтүү болот;
• корпоративдик топтордун абоненттери үчүн мурда жеткиликтүү болгон кызматтар эми жеткиликсиз болот жана өчүрүлөт. Сизге жеке жактар үчүн каралган байланыш кызматтарын өз алдынча кошуу жеткиликтүү.
• топтомдон тышкары чыгуучу чалуулар же тарифтин абоненттик төлөмү төлөнбөгөн учурда тарифтештирүү төмөнкүдөй болот:
- Beeline тармак ичинде – 1,14 сом/мүн;
- КРнын башка моб. операторлорунун тармактарына – 3,00 сом/мүн;
- КРнын стационардык тармактарына – 5,85 сом/мүн;
- эл аралык багытта чыгуу чалуулар – жеке жактар үчүн каралган расмий прайс-листке ылайык болот;
• роумингдеги тарифтештирүү – жеке жактар үчүн тарифтерге ылайык.
• жаңы шарттар, тариф боюнча топтомдор жаңыланган соң, күчүнө кирет.

Номерди сактап калуу жана эң жогорку сапаттагы тейлөөгө ээ болуу үчүн, тарифиңиз боюнча жаңы топтомдорду алгандан кийин, Beeline'дын сатуу жана тейлөө кеңселерине өздүгүңүздү тастыктаган документ менен кайрылып, номерди өзүңүздүн наамыңызга жеке жак катары каттатуу зарыл.
Тарифиңизди ыңгайлуу башкарууга жана жаңы кызматтарды кошууга, Мой Beeline KG тиркемесин жүктөп алыңыз жана мындан да көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болуңуз.
Ошондой эле, байланыш борборуна бардык суроолор боюнча кайрылсаңыз болот: *611.

03 авг. 2023