Негизги мазмунга өтүү
image
image
Назад
«Коммерциялык SMS-жөнөтмөлөрдөн баш тартуу» кызматындагы өзгөрүүлөр

«Коммерциялык SMS-жөнөтмөлөрдөн баш тартуу» кызматындагы өзгөрүүлөр

Жабдууларды жаңыртууга байланыштуу, 2026-жылдын 1-январынан баштап, «Коммерциялык SMS жөнөтмөлөрдөн баш тартуу» кызматы башкача иштей баштайт.

Эгер Сиз коммерциялык билдирүүлөрдү алууну каалабасаңыз, 2026-жылдын 1-январынан кийин *852*053# буйругун териңиз. Массалык жөнөтмөлөрдү ала баштоо үчүн *852*05# буйругун териңиз.

Бул кызматтын маалыматтык мүнөздөгү билдирүүлөргө тиешеси жок – Сизге төмөнкү билдирүүлөр келе берет:

  • тармактын жана Компаниянын иши жөнүндө маалымат (мүчүлүштүктөр, камтуунун кеңейиши, мобилдик алдамчылык ж.б.);
  • мамлекеттик органдардын жөнөтмөлөрү (ӨКМ, МСК, МКК, ИИМ ж.б.);
  • кызматтардын, тарифтердин жана тарифтик опциялардын шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө билдирүүлөр;
  • тарифтердин, кызматтардын жана тарифтик опциялардын токтотулушу жөнүндө билдирүүлөр;
  • корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагындагы кайрымдуулук жана социалдык акциялар;
  • кайрылууларды, өтүнмөлөрдү жана даттанууларды кароо боюнча кызматтык жөнөтмөлөр;
  • улуттук жана мамлекеттик майрамдарга (9-май, Жаңы жыл, Эгемендүүлүк күнү ж.б.) арналган куттуктоолор жана белек топтомдорун активдештирүү сунуштары;
  • системалык эскертмелер (балансты толуктоо, абоненттик төлөм, топтомдордун берилиши жана аякташы, биллингдик эскертмелер);
  • кызматтарды кошуу жана өчүрүү боюнча системалык жооптор жана USSD буйруктарынын жооптору (топтомдор, кызматтын статусун текшерүү ж.б.).

Маалымат: *611

Түшүнүү менен мамиле кылганыңыз үчүн рахмат!

20 дек. 2025