
Тез чалуу, таза үн: VoLTE жаңы технологиянын артыкчылыктарын баалаңыз
28 июн. 2024
Beeline алдыңкы VoLTE (Voice over LTE) технологиясын киргизүү менен абоненттеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Ал 4G/LTE тармагы аркылуу үн чалууларды жасоого мүмкүндүк берет, чалуулардын жогорку сапатын жана көптөгөн кошумча артыкчылыктарды камсыз кылат.
VoLTE негизги артыкчлыктары — төмөнкүлөр:
- Ашыкча ызы-чуусу жана тоскоолдуктары жок эң сонун таза үн,
- Тез чалуу,
- Жогорку ылдамдыктагы 4G интернетин чалуу учурунда да колдонуу мүмкүнчүлүгү,
- Акысыз колдонуу.
VoLTE технологиясы Xiaomi, Huawei, Honor, Oppo, Vivo жана башка кытайлык өндүрүүчүлөрдүн смартфондорунун жана iPhone ээлери үчүн жеткиликтүү. Кызмат автоматтык түрдө кошулат – жөнөкөй нускамаларды аткарып, смартфондун жөндөөлөрүнө VoLTE туташтыруу гана керек:
- IPhone үчүн: Жөндөөлөр – Уюлдук байланыш – Маалымат параметрлери – Үн жана маалымат – VoLTE чалуулары
- Xiaomi үчүн: ##86583## буйругун териңиз. Жөндөөлөр – SIM-карталар жана мобилдик тармактар – VoLTE Чалуулары
- Huawei үчүн: Жөндөөлөр – Зымсыз тармактар – Мобилдик тармак –VoLTE Чалуулары
- Honor үчүн: Жөндөөлөр – Мобилдик тармак – SIM1/2 Маалыматтарды мобилдик өткөрүп берүү –VoLTE Чалуулары
- Oppo үчүн: Жөндөөлөр – SIM1/2 Мобилдик тармагы – VoLTE Чалуулары
- Vivo үчүн: Жөндөөлөр – Тармак жана интернет – Мобилдик тармак – SIM-карталар жана мобилдик тармактар – SIM1/2 – VoLTE Чалуулары
VoLTE технологиясы жөнүндө кененирээк маалымат менен бул жерден таанышса болот. Beeline менен бирге эң жогорку сапаттагы үн байланышынан ырахат алыңыз!
28 июн. 2024