
Beeline'дын 4G интернети – Кыргызстан боюнча эң ылдам
29 янв. 2024
Beeline Кыргызстан, абоненттердин өсүп жаткан муктаждыктарына көңүл буруу менен, өз тармагынын сапатын тынымсыз жакшыртып келүүдө. Аткарылып жаткан иштин эффективдүүлүгү, байланыш тармагында дүйнөлүк лидер болгон Ookla® компаниясынын Speedtest® тиркемеси аркылуу колдонуучулардан алынган маалыматтарды изилдөө жыйынтыктары менен тастыкталат. Тестирлөөнүн жыйынтыгы Beeline’дын өлкөдөгү эң ылдам 4G интернетин сунуштаганын көрсөтөт.
Мобилдик интернеттин ылдамдыгын абоненттер өздөрү Speedtest® тиркемеси аркылуу өлчөшөт, ал эми Ookla® алынган маалыматтарды талдап чыгат. 2023-жылдын 3-чейрегинде Beeline’дын 4G интернети ылдамдык боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй областынын лидери болгон болсо, 4 чейректин жалпы жыйынтыгы боюнча Beeline бүткүл өлкөдө эң ылдам 4G интернетке ээ оператор катары аныкталды. Ошол эле учурда, 4G интернетинин ылдамдыгы 2022-жылдын 4-чейрегинде 19,34 Мбит/с түзсө, 2023-жылдын 4-чейрегинде 29,89 Мбит/с түзгөн.*
Бул жетишкендик – Beeline тармагынын үзгүлтүксүз өнүгүүсүнүн натыйжасы. Мобилдик оператор, Кыргызстандын бардык аймактарында камтуу аянтын кеңейтүү жана базалык станциялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын мыктылаштырууга умтулуп келет.
Ookla® компаниясы интернеттин ылдамдыгын тестирлөө жана талдоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Анын негизги максаты – интернетти сапаттуураак, тезирээк жана жеткиликтүүрөөк кылуу. Ошол себептен компания дүйнөгө белгилүү болгон Speedtest® жана Downdetector® платформаларын, ошондой эле бир катар комплекстүү корпоративдик чечимдерди иштеп чыккан. Ookla®'нын маалыматтары жана куралдары, тармактарды кардарлардын тажрыйбасынын негизинде талдоо жана оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон маанилүү маалыматтар менен операторлорду жана башка ишканаларды камсыз кылат.
*2022-жылдын 3-чейрегинде жана 2023-жылдын 4-чейрегинде Кыргызстандагы медиандык жүктөө ылдамдыгы жөнүндө Speedtest Intelligence®'тин маалыматтарынын Ookla® тарабынан аткарылган талдоосунун негизинде. Ookla® соода белгилери уруксаттама боюнча колдонулат, жана кайра басып чыгаруу үчүн уруксатты талап кылат.
29 янв. 2024