Кызмат

PREMIER онлайн-кинотеатры

Бардык мыкты нерселер бир жазылууда

50 000ден ашык тасмалар, шоулардын чыгарылыштары жана кызыктуу сериалдар

Коопсуз балдар профили

Акылду рекомендациялоо системасы

Уникалдуу PREMIER долбоорлору

«Укмуш TV» тиркемесинде камтылган

135 с / 30 суткага

Бул Сиздин тарифиңиз
Кызмат кошулду

Сиз кызматты ийгиликтүү коштуңуз

Менин кызматтарым
Кызматты кошуу

Кызмат кошулган

Кызматты кошууга макулсузбу?

Кызмат Сиздин тарифиңизде жеткиликтүү эмес

Каражат жеткиликтүү эмес

Кызматты кошуу үчүн каражат жеткиликтүү эмес. Сураныч, балансыңызды толтуруңуз

Толуктоо
Кечиресиз

Бул тарифтик планга өтүү мүмкүн эмес

Кечиресиз

Сиздин тарифиңиздин шарттарына ылайык, тарифти өзгөртүү акция аяктаганга чейин мүмкүн эмес

Номериңиз катталган эмес

Тарифти/кызматты кошуу же өчүрүү үчүн номериңизди каттоого тийишсиз.

Каттоодон өтүү
Кошуу катасы

Табыштаманы калтыруу учурунда катачылык кетти, бир аздан кийин кайра аракет кылууңузду суранабыз

WhatsApp'ка жазыңыз
Кызматты кошуу

Кызматты кошуу үчүн тарифтик планга ылайык балансты толуктоо керек.

Толуктоо
Кызматты кошуу

Бул операция 30 күндүн ичинде бир гана жолу жеткиликтүү. Сураныч, кийинчерээк кайра аракет кылыңыз.

Кызматты кошуу

Кызмат кошулган

Кызматты кошуу

Бул кызмат Сиздин тарифтик планыңызда жеткиликтүү эмес

Кененирээк

Кызмат жөнүндө

Закрыть Открыть

Ким болбосоңуз да, эмнени жактырбасаңыз да, PREMIER’де Сиз керектүү тасманы, сериалды же шоуну таба аласыз – комедияларды жана боевиктерди, триллерлерди жана үй-бүлөлүк тасмаларды, кечке ылайыктуу жеңил тасмалар жана таасирин калтырган драмалар.

PREMIER колдонуучуларыбыздын каалоолорун дайыма эске алып келет, жана алардын табитинин ар түрдүүлүгүнө таң калат.

Билесизби, алар менен иштөө абдан кызыктуу! Алар өздөрүнө жаккан контентти табуусу үчүн, биз PREMIER’дин ири жана көп жанрлуу контентин тынымсыз кеңейтип турабыз.

PREMIER’де кесипкөй контент-мейкерлер эмгектенет: алар өздөрү орус тасмаларын, сериалдарын жана шоуларын жаратышат. Ошондой эле, бул кинотеатр «Укмуш TV» тиркемесинде камтылган.

Кайдан жүктөп алуу мүмкүн?

Закрыть Открыть

Тиркемени смартфонуңуздун расмий Play Market жана App Store дүкөндөрүнөн жүктөп алуу мүмкүн.
Ал Android TV жана Smart TV’да дагы жеткиликтүү (2015-жылдан кийин чыгарылган Sony, Philips, Samsung сыналгыларында жана 2014-жылдан кийин чыгарылган LG сыналгыларында). Учурда Samsung Smart TV сыналгыларында гана жеткиликтүү. Башкаларда кийинчерээк жеткиликтүү болот. Ошондой эле, Укмуш TV www.ukmush.tv дареги боюнча жеткиликтүү.

Кантип кошуу мүмкүн?

Закрыть Открыть

Кызматтын баасы – 135 сом (бардык салыктарды эске алуу менен). Кызматты USSD, сайттагы жеке кабинет же «Мой Beeline» мобилдик тиркемеси аркылуу кошуу мүмкүн.
Кошуу: *557#
Өчүрүү: *557*0#
Статусун текшерүү: *557*3#

Кантип колдонуу керек?

Закрыть Открыть

Кошулгандан кийин, «Укмуш TV» тиркемесинде авторизациялоодон өтүү үчүн, номериңизге паролду камтыган SMS-билдирүү келет.

Тиркемени смартфонуңуздун расмий Play Market жана App Store дүкөндөрүнөн жүктөп алуу мүмкүн. Номериңизди жана паролду киргизген соң, колдонуу шарттарын кабыл алууга тийишсиз.
Авторизациялоодон өтүп, «Жазылуулар жана сатып алуулар» бөлүмүндө активдүү жана жеткиликтүү жазылууларды, жазылуулардын контентин жана алардын бааларын биле аласыз. Онлайн режиминде көрүү үчүн, интернет талап кылынат.
 

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Кызмат бардык prepaid жана postpaid тарифтик пландардынын абоненттери үчүн жеткиликтүү.
Алгач кошулганда, 30 күндүк акысыз сынамык мөөнөтү болот. Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн, кызмат бир гана ирет кошулуп, автоматтык түрдө 30 күнгө жаңыланып турат. Эгер Сиз акысыз сынамык мөөнөтүндө топтомду өчүрсөңүз, анда пайдаланылбаган күндөр сакталбайт жана сынамык мөөнөтү аяктады деп эсептелет. Өчүргөндөн кийин көрүү мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болбой калат, жана, кайрадан кошулган учурда, абоненттик төлөм алынат.

Бир мобилдик телефон номерине бир убакытта каалаган 3 түзмөктү кошуу мүмкүн. Топтомдун абоненттик төлөмү, баланс жетиштүү суммага толукталгандан кийин 1 сааттын ичинде алынат.

«Укмуш TV» тиркемесин КРнын аймагында гана жүктөп алуу жана колдонуу мүмкүн.

Оптималдуу түрдө көрүү үчүн, сунушталган минималдуу инернет ылдамдыгы 2 Мбит/с түзөт. «Укмуш TV» тиркемесин Beeline’дын мобилдик тармагы, башка операторлордун же интернет-провайдерлердин тармактары, ошондой эле бардык Wi-Fi тармактары аркылуу колдонуу мүмкүн. Башка операторлордун же интернет-провайдерлердин интернет-трафиги алардын өздөрүнүн шарттарына ылайык тарифтештирилет.

Контенттин сапатына бир нече параметрлер таасир этет:
-    интернет ылдамдыгы;
-    туташуу ыкмасы;
-    колдонулган түзмөктүн кубаттуулугу;
-    учурда колдонулуп жаткан тармактык жабдуулардын иштеши ж.б.
-    
Прокси-сервер (анын ичинде VPN) аркылуу иштеген браузерлер колдонулган учурда, PREMIER кинотеатрын камтыган «Укмуш TV» тиркемеси жеткиликсиз болушу мүмкүн.

https://beeline.kg/ru/aidana