Укуктук маалымат

Купуялык саясаты

 

 «Скай Мобайл» ЖЧК компаниясы (мындан ары – компания, биз, бизди, биздикилер) өзүңүздөрдүн жеке жана башка маалыматтарыңызды берүү менен бизге көрсөткөн ишенимиңиздерди баалайт, аларды коргоо үчүн бардык керектүү техникалык, уюштуруучулук жана укуктук мүнөздөгү чараларды көрөт. Кандай жеке маалыматтарды чогултуп жатканыбызды, аларды кантип иштеп чыкканыбызды жана коргогонубузду билүү үчүн, бул Купуялык саясаты (мындан ары – Саясат) жакшылап таанышып чыгууңуздарды өтүнөбүз .

 

Байланыш маалыматтары

 «Скай Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коом, ИНН 02404200610104, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 115, телефон: +996 (775) 582099, факс: +996 (312) 900585, компаниянын сайты: www.beeline.kg, e-mail:office@beeline.kg.

Бул Жобого тиешелүү бардык маселелер боюнча Сиз биз менен электрондук дарек же почта дареги менен байланыша аласыз. Электрондук кат жазышуу дайыма эле коопсуз боло бербегендиктен, электрондук катта олуттуу купуя маалыматты бизге билдирбеңиздер.

Биз Сиздердин каалаган суроолоруңузга ыкчам жооп берүүгө аракет кылабыз.

 

Жалпы жоболор

Биз бул Саясатты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын маалыматтар жана аларды коргоо жаатындагы талаптарына ылайык иштеп чыктык.

Саясатта биз макулдук алуу ыкмаларын, топтолуучу жеке маалыматтарды, максаттарды аларды чогултуу жана иштеп чыгуу, компаниялардын жана биздин кардарлардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле сиздердин жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо максатында биз кабыл алган чаралардын тизмесин ачып беребиз.  

Саясат менен компаниянын сайтынан таанышсаңыздар болот.

Компаниянын карамагындагы Сиздин жеке маалыматтар купуя маалыматтар деп таанылат.

Компания менен өз ара кызматташып, анын ичинде компаниянын кызматтарына жеткиликтүү болуу менен, Сиз ушул Саясат менен макулдашасыз.

 

Жеке маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана берүүгө макулдук алуу

Биз Сиздин жеке маалыматтарды жана сиз жөнүндө маалыматты кошо Сиздин гана макулдугуңуз менен чогултабыз, иштеп чыгабыз жана үчүнчү жактарга беребиз.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компания абоненттерге байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишими болгондо гана уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтөт, аны түзүүнүн тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы №97 токтому менен бекитилген кыймылдуу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери менен аныкталган.

Келишим жеке маалыматтарды берүү, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүүгө макулдук жөнүндө шарттарды камтыйт, ага кол коюу менен сиз компанияга келишимге кол коюу менен өз алдынча берген бардык маалыматтарды топтоого, иштеп чыгууга жана берүүгө макулдук бересиз жана келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү процессинде компанияга жеткиликтүү болуп калат.

Көрсөтүлгөн макулдашуу ошондой эле кардарларга жөнөкөй электрондук колтамга коюлган жазуу документинин же электрондук документтин келишиминен өзгөчө формада кардарларга берилиши мүмкүн.

 

Топтолуучу маалыматтардын тизмеси

Бул Саясат байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимге, биздин маалымат кызматына кайрылууда берилүүчү компания менен компаниянын сайтында толтурулуучу башка келишимге кол коюуда Сиз берген бардык жеке берилмелерге жана башка маалыматтарга, ушул Саясатка шилтемеси бар виджет жана башка пайдаланылуучу интерактивдик каражаттар аркылуу алынган веб-ресурстарга жана мобилдик тиркемелерге, Сиз биздин сунуштарга жана программаларга катышууну чечкенде, биздин продукцияны (девайстарды ж.б.) сатып алганда же башкача түрдө биз менен өз ара кызматташууда, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү берүү процессинде, анын ичине башка компаниялар менен өнөктөшүүдө  макулдук бергенде жайылтылат.

Биз сиз жөнүндө төмөнкү маалыматтарды чогултабыз жана пайдаланабыз:

  1. Идентификациялык маалыматтар: Мындайларга: аты-жөнү, туулган күнү, курагы, дареги, инсандыкты тастыктаган документтин маалыматтары (аталышы, сериясы, номери, документти берген күнү, документти берген орган), телефондун номери, электрондук почта дареги, жынысы, ошондой эле берүүгө макулдугуңузду берген башка маалымат.
  2. Көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалыматтар: Компания байланыш кызматын көрсөтүү же башка келишим шарттары жөнүндө, пайдаланылуучу тарифтик пландар жөнүндө, кызмат көрсөткөндүгү үчүн эсептешүүлөр методун пайдалануу жөнүндө, кошулган кошумча кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө, өздүк эсептин абалы жөнүндө, кызмат көрсөтүү үчүн төлөм боюнча карыз жөнүндө, ошондой эле компаниянын карамагындагы кардарга кызмат көрсөтүүгө байланыштуу башка маалыматты  келишим боюнча кардарларга көрсөтүлгөн маалыматтарга ээ болот.
  3. Сайта киргенде алынуучу маалымат: Компания пайдалануучунун маалыматтарын компаниянын кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн пайдаланылат.
  4. Мобилдик түзүлмө жана пайдалануу жөнүндө техникалык маалыматтар: Компания операциялык тутум, батареянын кубатынын деңгээли жана кабыл алынуучу сигналдын деңгээли, идентификаторлор жана түзүлмөнү орнотуу жана белгиленген программалык камсыздоонун аталышы сыяктуу абоненттин түзүлүшү жөнүндө маалыматтарды чогултат.
  5. Өздүк эсепти толтуруудагы маалыматтар: Компания банк картасынан/электрондук капчыктан жана башка каражаттардан өздүк эсепти толтуруу операциялары жөнүндө маалыматтарга мүмкүнчүлүк ээ болушу мүмкүн.
  6. Абоненттин өздүк эсебинен аванстык каражаттарды кайтаруудагы маалыматтар: абоненттин көрсөтүлгөн маалыматтары жазуу жүзүндө арыз берүү менен өз алдынча толтурулат ошондой эле тиешелүү веб-ресурстарда жана мобилдик тиркемелерде алынып салынат.
  7. Мобилдик финансылык сервистердин алкагында төлөмдөрдү ишке ашыруу жөнүндө маалыматтар (эгер колдонулса): көрсөтүлгөн маалыматтарды кардар тиешелүү веб-ресурстарда жана компаниянын мобилдик тиркемелеринде өз алдынча толтурат: төлөм суммасы, кызмат көрсөтүүнү жабдуучунун аталышы, кызмат көрсөтүүнүн жабдуучунун өздүк эсебинин номери, банк картасынын номери, электрондук капчыктын номери ж.б.
  8. Жайгашкан жери жөнүндө маалымат: компанияда абоненттин жайгашкан жери жөнүндө маалымат болот. Эгер абонент өзүнүн макулдугун берсе, компания тармактын идентификаторлорунун негизинде абоненттин жайгашкан жери жөнүндө маалыматты чогултат (бирге - «Жайгашкан жери жөнүндө маалымат»). Абонент кааласа өзүнүн мобилдик түзүлмөсүндөгү GPS функцияны өчүрө алат.
  9. Агрегацияланган (жалпыланган) жана жеке жоопкерчилиги жок маалыматтар: Компания жогоруда саналган маалыматтардын каалаган түрүн агрегацияланган жана жеке жоопкерчиликсиз аналитикалык маалыматтарды жана отчетторду (мисалы, белгилүү аймакта биздин кардарлардын пайыздык санын эсептөө үчүн пайдаланылганда) түзүү үчүн пайдалана алат.
  10.  Сиз берүүгө макул болгон Компаниянын карамагындагы кардарлардын башка маалыматтары.

Уюлдук байланыштын негизги кызматтарын көрсөтүү үчүн топтолуучу жеке маалыматтардын тизмеси уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган абоненттин бул маалыматтарды милдеттүү берүү боюнча талаптары жөнүндө келишим түзүү үчүн зарыл болуп эсептелет.

Бул Саясат үчүнчү жактарга тиешелүү же сиз тараптан өз алдынча биздин байланыш желелерибизди пайдалануу аркылуу кимдир бирөөгө берген маалыматтык ресурстарда топтолгон маалыматтарга жайылтылбайт. Үчүнчү жактардын маалыматтык ресурстары жеке маалыматтарды коргоо боюнча (купуялуулук саясаты) өзүнүн жеке саясатына ээ болушу мүмкүн. Үчүнчү жактардын маалыматтык ресурстарын пайдаланууну башталышынын жана аларга жеке маалыматтарды берүү алдында биз бул ресурстардын купуялуулук саясатын көңүл коюп окуп чыгууну жана өзүңөрдүн жеке маалыматтарыңарды жайылтууга өтө абайлап мамиле жасоону сунуштайбыз.

 

Жеке маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүүнүн максаттары

Биз төмөнкү максатта сиз жөнүндө жеке маалыматтарды топтойбуз, иштеп чыгарабыз, пайдаланабыз жана өткөрүп беребиз:

  • Компания менен кардардын ортосунда түзүлгөн байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин жана башка келишимдердин шарттарын аткаруу;
  • Компаниянын өнөктөштөрүнүн жана компаниянын өкүлдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинен үчүнчү жактардын компанияга, компаниянын үчүнчү жактарга көрсөткөн кызматтары, конвергенттик кызмат көрсөтүү;
  • Көрсөтүлүүчү кызматтардын жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, анын ичинен сиздин суроо-талаптарыңызга жооп бериш үчүн, сиздин билдирмеңиздерди иштеп чыгуу үчүн;
  • Абоненттердин жана пайдалануучулардын сынактарга жана жарнама кампанияларына катышуусу, анын ичинен коомдук желелерде;
  • Сиздин керектөөлөрүңөрдү, жогорку баалуулуктарыңарды жана кызыкчылыктарыңарды аныктоо жана божомолдоо жана биздин компаниядан, ошондой эле биздин өнөктөштөрдөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, жарнамалардын, маалымат билдирмелердин, маркетинг кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшү боюнча жекелештирилген сунуштарды, арзандатууларды, акцияларды сиздерге уюлдук тиркеме, SMS билдирмелер, электрондук почта, телефон, почта, желе боюнча жайылтуу жана башка биз аныктаган жолдор аркылуу билдирүү максатында;
  • Жаңы продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгаруу жана сунуштоо, абоненттерге жана пайдалануучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттарынын жана тейлөө тартибинин өзгөрүлүшү тууралуу маалымат берүү;
  • Компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу менен байланышкан алдамчылык иш-аракеттерден кардарларды жана компанияны сактоо;
  • Мамлекеттик органдарга отчетторду берүү
  • Дебитордук береселерди өндүрүп алуу;
  • Биздин ички максаттарыбыз үчүн, маалыматтарды талдоо, аудитти кошкондо жарнама компанияларынын натыйжалуулугун аныктоо;
  • Белгиленген колдонулуучу мыйзамдардагы укуктарды жана милдеттердин Компания жана үчүнчү жактар тарабынан ишке ашырылышы.

 

Сиздин укуктарыңыз

  • Маалыматты өзгөртүү. Сиздин биздеги жеке маалыматыңызды өзгөртүү сиз жөнүндөгү маалыматтын өзгөрүлгөндүгүн тастыктаган документ тиркелген сиздин кат жүзүндөгү арызыңыз боюнча жүргүзүлөт.
  • Сиздин макулдугуңузду чакыртып алуу. Сиз кайсы гана убакта болбосун өзүңүздүн макулдугуңузду компанияга/компаниянын сатуу жана тейлөө офистерине кат жүзүндөгү арызыңыз менен кайрылуу менен чакыртып ала аласыз. Бирок, үн байланышы кызматын кошкондо кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрүн көрсөтүү үчүн бизге сиздин жеке маалыматтарыңыз керек экендигин эске алыңыз. Сиз өзүңүздүн макулдугуңузду чакыртып алган учурда компания жана компаниянын өнөктөштөрү тарабынан көрсөтүлүүчү кайсы гана болбосун кызмат көрсөтүү токтотулат.
  • Маалыматка болгон укук. Сиз бизде болгон сиз тууралуу маалыматтарды алууга, ал маалыматардын көчүрмөлөрүн алууга укугуңуз бар. сиз биз менен кат жүзүндө байланышуу менен өзүңүздүн укугуңузду пайдалана аласыз.
  • Даттануулар. Эгер сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды иштеп чыгуу жөнүндө даттануу жөнөткүңүз келсе биз менен байланышыңыз, биз сиздин сурооо-талапка кыска мөөнөттүн ичинде жооп берүүгө аракет кылабыз.

Жеке маалыматарды сактоо мөөнөттөрү

Биз сиз тууралуу жеке маалыматтарды белгиленген максаттарга жетүү үчүн компанияга зарыл болгон мезгилге чейин, уюлдук байланыш боюнча кызмат көрсөтүү келишими боюнча, ошондой эле сиз тараптан кол коюлган макулдукта көрсөтүлгөн мезгилге чейин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан регламенттелген сактоо мөөнөттөрүн эске алуу менен сактайбыз.

 

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча компания тарабынан көрүлүүчү чаралар

Сиз жөнүндөгү жеке маалыматка бул маалыматтар функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон компаниянын кызматкерине гана жеткиликтүү болот.

Кызматкерлер купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттемелерге кол коюшат, ошондой эле абоненттин жеке маалыматын коргоо боюнча талаптар бузулган учурдагы жоопкерчиликтери жөнүндө эскертме алышкан.

Сиздин жеке маалыматтарыңыз маалымат коопсуздугунун стандарттарына ылайык келген электрондук базаларда сакталат.

Эгер  сиздин биз менен өз ара аракеттенүүңүз коопсуз болбой калды деп эсептөөгө негиздүү себебиңиз болсо “байланыш маалыматтар” бөлүмүндө көрсөтүлгөн дарек боюнча пайда болгон көйгөй тууралуу бизге токтоосуз билдириңиз.

 

Жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү

Биз сиз тууралуу маалыматтарды бере алабыз, анын ичинен транс чек аралык б.а. башка мамлекеттердин юрисдикциясында турган үчүнчү жактарга да бере алабыз:

  •  «VEON» тобунун компаниялары жана башка биз менен аффилирленген, туунду, көз каранды компаниялар. Аффилирленген компания деген биз тараптан контролго алынган же биз кирген компаниянын тобуна кирген башка юридикалык жак дегенди түшүндүрөт.
  • Биздин тапшырма боюнча иш-аракетин кылган биздин өнөктөштөрүбүз, үчүнчү жактарды же биз менен өнөктөш болгондор башка компаниялар менен өнөктөшүү менен байланыш кызматын көрсөтүүсү жана башка кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча милдеттерди аткарууда, биз жөнөтүүчү сунуштарды, билдирмелерди жөнөтүүдө жардам көрсөтүшөт;
  • Компаниянын процессингдик өнөктөштөрү, банк-өнөктөштөр, төлөө уюмдары, төлөө тутумдарынын операторлору, мындай өнөктөштөр операцияларды жасоодо, жана төлөмдөрдү жүргүзүүдө маалыматтарды иштеп чыгат;
  • Кайра уюштуруу, сатуу, биргелешип ишкана түзүү, кайра өткөрүп берүү жана башка бүткүл бизнеске же компаниянын активдерине карата болгон иш-аракеттер болгон учурда үчүнчү жактар;
  • Башка үчүнчү жактар.

Өнөктөштөргө жеке маалыматты берүү берилүүчү жеке маалыматтардын мыйзамдуулугу жана купуялуулугу принцибине негизделет. Ар бир өнөктөш менен кардардын жеке маалыматтарын жана башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө келишим түзүлөт. Өнөктөштөр менен келишим түзөөрдө биз кардарлардын жеке маалыматынын ачыкка чыгышын алардын макулдугусуз же мыйзамдуу негизсиз болтурбоо боюнча талаптарды алдын ала карайбыз.

Биздин сиз тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган болсо укук коргоочу органдарга, мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга берүүгө укугубуз бар.

Ошондой эле, биздин төмөнкү учурларда үчүнчү жактарга сиз тууралуу маалыматты берүүгө укугубуз бар:

  • Эгер биз коммерциялык компанияны же активдерди саткан же алган учурда мындай коммерциялык компаниянын же активдердин потенциалдуу сатып алуучусуна же сатуучусуна сиз тууралуу маалыматты берүүгө;
  • Эгерде үчүнчү жак биздин компанияны толугу менен же анын активдеринин көпчүлүгүн алса, мындай учурда биздин пайдалануучулар тууралуу маалымат бирден-бир берилүүчү активдердин бири болот.

 

Жеке маалыматтарды байытуу жана профилдөө

Сиз тууралуу жеке маалымат биз тараптан сизден кошумча маалымат суроо же коомдук желелердин жалпыга жеткиликтүү аккаунттарынан ж.б. ачык булактардан маалымат алуу, ошондой эле компания менен түзүлгөн келишими бар үчүнчү жактардан алуу жолу менен толукталат жана такталат.

Жеке маалыматтарды байытуу жана профилдөө аларды жыйноо жана иштеп чыгуу гана максатында жүргүзүлөт жана сиз үчүн кызыктуу жана пайдалуу сунуштарды  иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

 

Cookies жана башка технологиялар

Cookies: Компания  жана четтик кызмат көрсөтүүнү камсыздоочулар cookies технологиясын сайтта пайдалана алышат. Cookies сактоо жана башка максаттар үчүн  компьютерге веб-сервердин маалымат берүүсүнө мүмкүндүк берет. Биз cookies жана башка технологияларды тейлөөнүн жогорураак деңгээлин камсыздоо, тагыраак маалымат берүү, сиздин сайтты дайыма пайдалануу мүмкүнчүлүгүңүздү камсыздоо үчүн колдонобуз. Биздин кызмат көрсөтүүнү камсыздоочуларга биздин сайтта cookies технологиясын пайдаланууга уруксат берилген. Эгер сизге cookies аркылуу келген маалыматтын кереги жок болсо, сиз cookies технологиясынан баш тарта аласыз – бул дээрлик бардык браузерлерде бар болгон стандарттуу функция.

Локалдык эстин тутумдары: Компания жана четтик кызмат көрсөтүүнү камсыздоочулар максаттарды аныктоо үчүн, көпчүлүк учурда сизди идентификациялоо жана сиздин корзинаңыздагы маалыматтарды эстеп калуу үчүн Флеш (Флеш объекттери) локалдык бөлүштүрүү объекттерин пайдалана алышат. Флеш объекттер cookies технологиясынан сакталган маалыматтардын саны жана түрү боюнча айырмаланат.  Мындан тышкары сиз сиздин браузер менен флеш объектти пайдалануудан баш тартып же аны контролго алып, ал жерден эч нерсе өчүрө албайсыз. Флеш объекттер жана аларды башкаруу боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Flash Player маалым каттары бетин ачыңыз. “Сактоонун жалпы параметрлери” (Global Storage Settings)  панелин тандаңыз, анан келтирилген нускаманы жетекчиликке алыңыз. Өзүңүздүн компютериңизден флеш объектти табуу үчүн “Саайттарды сактоо параметрлери” панелин ачып, көрсөтүлгөн нускаманы жетекчиликке алыңыз же сиздин каалашыңыз боюнча белгилүү бир флеш объектти өчүрүп салсаңыз болот.

Пиксель-теги жана башка технологиялар: түссүз GIF-файлдар – бул cookies технологиясына көпчүлүк жактан окшош келген уникалдуу аталышы бар анча чоң эмес сүрөт. Бирок, сиздин компьютериңиздин аппараттык камсыздоо диск түзмөгүндө сакталган cookies технологиясынан айырмаланып түссүз GIF файлдары жашырын курал болуп саналат жана веб-сайттардын беттеринен орун алат. Биз сайтта GIF-файлдарды пайдалана алабыз (ошондой эле, веб-маяктар жана пиксель-теги), башкалардан тышкары сайтка кирүүчүлөрдүн иш-аракеттерин көзөмөлдөө үчүн жана сайтты пайдалануу, иштөө ылдамдыгы жөнүндө статистика түзүү үчүн. Компания жана четтик кызмат көрсөтүүнү камсыздоочулар түссүз GIF файлдарын HTML форматынын электрондук билдирмелеринде да пайдалана алышат, бул аркылуу жооптордун тазалыгын көзөмөлгө алышат, маркетинг компанияларынын ийгилигин аныктайт жана биздин каттар качан каралып жатаарын жана качан жөнөтүлөөрүн белгилейт.

Сайттын аналитикасы: Компания сайттын аналитикасын ишке ашыруу, кирүүчүлөр тарабынан сайттын пайдалануу принцибин көзөмөлдөө жана түшүнүү үчүн бул бөлүмдө көрсөтүлгөн технологияларды пайдаланган четтик кызмат көрсөтүүнү камсыздоочулар менен иштеши мүмкүн.

Виджеттер, тиркемелер ж.б. каражаттар: эгер сиз биз сунуштаган технологияларды (виджет сыяктуу) пайдаланууну чечсеңиздер, анда мындай технологиялар аркылуу алынган маалыматтар коомчулуктуу болуп калышы мүмкүн, мисалы, сиз активге келтирүүчү тийиштүү каражат болгон коомдук желелер, жана башка сайттар, платформалар. Мындан тышкары технологиялардын “вирус” касиети бар болуп башка платформаларга жөнөтүлүшү мүмкүн (мисалы, сиздин досуңуз же кардарыңыз өзүнүн блогуна сиз тууралуу маалыматты камтыган виджетти жайгаштырса). Компания жалпыга жеткиликтүү боло баштаган маалыматтарды алуу, пайдалануу же жайылтуу үчүн жоопкерчиликтүү эмес.

beeline.kg сайтындагы Коротууларды талдоо бөлүмү - бул маалымат менен таанышуу гана көрсөтүлгөн жана деталдаштыруу деп эсептелбейт. Ишенимдүү деталдаштырууну тейлөө кеңседен алсаңыз болот.


IP-даректер

IP-даректерин аныктоо ыкмалары: сиздин компьютериңиздин «IP-дареги»– бул Интернет-провайдер аркылуу (ISP) автоматтык түрдө берилген номер.

IP-дарек пайдалануучу сайтка киргенде автоматтык түрдө аныкталат жана сервердин журналында катталат; мындан тышкары кирген убактысы жана кирген беттери аныкталып калат. IP-дарегин аныктоо – көпчүлүк веб-сайттарда автоматтык түрдө ишке ашуучу стандарттуу практика.

IP-даректерди пайдалануу жана ачыкка чыгаруунун эрежелери: Биз IP-даректерди сайтты пайдалануу статистикасын аныктоо, сервердин көйгөйлөрүн диагностикалоо, алдамчылык учурларын табуу, сайтты администрациялоо жана башка максаттар үчүн пайдаланабыз.  Биз IP-даректерди пайдалануу менен, аларды жеке маалымат пайдаланылуучу жана ачыкка чыгуучу ар кандай максаттар үчүн үчүнчү жактарга билдире алабыз.

Жөнөкөй электрондук кол тамганы пайдалануу жөнүндө макулдашуу

Компания менен сиздин өз ара мамилеңизде, анын ичинен сиз маалымат берүүгө, иштетүүгө, пайдаланууга, үчүнчү жактарга берүүгө, транс чек аралык берүүгө макулдугуңузду бергенге байланыштуу жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган электрондук документтер пайдаланылат.

Жөнөкөй электрондук кол тамга бул сиздин логиниңиз, паролуңуз, кодуңуз же башка электрондук кол тамга сиз тарабынан коюлгандыгын тастыктаган иденфикаторлоруңуз менен дал келген идентификаторуңузду пайдалануу жолу менен таанылган электрондук кол тамга.

Жөнөкөй электрондук кол коюлган электрондук документтер кагаз түрүндөгү өз колу менен койгон документ сыяктуу ар түрдүү маанидеги документ болуп саналат.

Компания жөнөкөй электрондук кол тамга тийиштүү адамдыкы экендигин  компания көрсөткөн кызматтын түрүнө, колдонулган каналдарга, маалыматтарга (сайт, веб-ресурс, уюлдук тиркеме, USSD, SMS ж.б.) жараша, же компаниянын сайтында авторизацияланууда веб-ресурстарда жана уюлдук тиркемелерде көрсөтүлгөн идентификатор боюнча аныктайт.

Жөнөкөй электрондук кол коюу менен жасалган сиздин бардык иш-аракеттериңиз сиз тарабынан жасалды деп эсептелет.

Бир жөнөкөй электрондук кол тамга менен электрондук документтердин пакети б.а. өз ара байланышкан бир нече электрондук документке кол коюлушу мүмкүн. Жөнөкөй электрондук кол тамганы электрондук документтердин пакетине койгондо, бул пакеттин ичиндеги электрондук документтин ар бирине кол коюлду деп эсептелет.

Электрондук документке электрондук кол коюу менен сиз бул саясатта көрсөтүлгөн шарттарда маалыматтарды берүүгө, иштетүүгө, пайдаланууга, үчүнчү жактарга берүүгө, транс чек аралык берүүгө макулдугуңузду бересиз.

Сиз өзүңүздүн идентификаторуңузду бирөөгө берүүгө же үчүнчү жактар үчүн жеткиликтүү кылууга укугуңуз жок жана сактоо, жеткиликтүүлүгүн чектөө ыкмаларын өзүңүз тандоо менен анын сакталышы жана сиз гана тараптан пайдаланышы үчүн жоопкерчиликтүүсүз.

Идентификаторго санкцияланбаган же үчүнчү жактар тарабынан кирүүлөр, жоготуулар болгон учурда сиз компанияга кат түрүндө билдирүүңүз милдеттүү. 

 

Саясатты өзгөртүү

 

Компания бул саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүндө калтырат. Саясаттын жаны редакциясы компаниянын сайтына жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет, эгер саясаттын жаны редакциясы тарабынан башкача каралбаса. Бул саясатка киргизилген өзгөрүүлөр, жаңылануулар тууралуу маалымат алуу үчүн саясатты мезгил-мезгили менен карап турушуңузду өтүнөбүз. Биз менен өз ара аракеттешүү менен мындай өзгөрүүлөр киргизилгенден кийин, сиз саясаттын жаны версиясын кабыл аласыз.

https://beeline.kg/ru/aidana