133 900 c
Apple өнүмдөрү
117 990 c
111 900 c
111 900 c
99 900 c
95 900 c
86 657 c
85 990 c
74 900 c
67 900 c
57 540 c
44 900 c
41 976 c
29 694 c
22 175 c
15 990 c
Beeline, Apple өнүмдөрү дүйнөсүндө ишенимдүү гид болууга даяр!
Beeline Кыргызстан – Apple компаниясынын авторизацияланган реселлери статусуна ээ болгон Кыргызстандагы биринчи мобилдик оператор!
Биз толук кепилдик боюнча тейлөө жана оңдоо кызматтарын, ошондой эле кардарларыбыз үчүн кошумча бонустарды, акцияларды жана арзандатууларды сунуштайбыз.
Мыкты тейлөө стандарттары
Кесипкөй жана кичи пейил кызматкерлер.
Ыңгайлуу төлөм ыкмалары
Накталай жана накталай эмес төлөмдөр. Visa, MasterCard банктык карталары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү.
Сапат кепилдиги
Программалык камсыздоону толук кепилдик боюнча тейлөө.
Кеңири ассортимент
Apple өнүмдөрүнүн толук линейкасы: iPhone, iPad, iMac же MacBook. Кошумча түзмөктөр жана аксессуарлар.
Beeline – Кыргызстандагы операторлор арасында Apple компаниясынын Apple Authorized Reseller статусуна ээ болгон биринчи расмий өнөктөшү.
Биздин дүкөн Apple'дын кепилдиктүү расмий өнүмдөрүн жана жогорку тейлөө сапатын сунуштайт.
FAQ
iPhone сатып алууда кандай акциялар бар?
iPhone 13, 14, 15 сатып алганда, биринчи кезекте 20 Гбтык интернет топтомун кошуп алуу зарыл. Биринчи АТ менен «Супер Безлимит» тарифин камтыган «Алтын+» категориясындагы номерди iPhone 15ти сатып алууда гана экинчи приоритет менен активдештиребиз.
Алтын+ акциялык номери iPhone 13, 14 сатып алууда жарактуубу?
Жок, «Алтын+» категориясындагы номер iPhone 15ти сатып алууда гана жеткиликтүү.
Бул акциялар кулакчындарды же планшеттерди сатып алууда жарактуубу?
Бул акциялар iPhone сатылган учурда гана жарактуу.
SkyMobile кызматкери iPhone сатып алса, бардык акциялар жарактуубу?
Жок, бул акциялар кызматкерлерге тиешелүү эмес.
Акциянын алкагында алынган 20 Гб интернетти таратуу мүмкүнбү?
«Интернетти тарат» кызматы 28 күнгө кошулган болсо, анда интернетти таратуу мүмкүн. Кызмат кошулган эмес болсо, интернетти таратуу мүмкүн эмес.
Тарифти алмаштырууда кызмат жарактуубу?
Кызмат бардык B2C, B2B тарифтеринде жарактуу.
Акция бөлүп төлөөгө алынган iPhone'дор үчүн да жарактуубу?
iPhone'ду насыяга алган кардарлар үчүн акция жарактуу. Бөлүп төлөө шарттары учурда иштелип жатат.
Кызмат өчүрүлсө, сарпталбаган топтом күйүп кетеби?
Ооба, кызмат өчүрүлсө, сарпталбаган топтом күйүп кетет.
Жаңы iPhone менен кошо 20 Гб алуу үчүн сөзсүз түрдө жаңы SIM-карта алуу зарылбы?
Жок, зарыл эмес. Топтомду Beeline’дын бардык номерлеринде кошуп алуу мүмкүн.
Тариф алмаштырылган учурда, 20 Гб иштейби?
Ооба, топтом бардык тарифтерде иштейт.
Топтомдордун калдыктарын кайсы жерден көрүү мүмкүн? Алар мегабайт менен көрсөтүлөбү?
Калдыктарды текшерүү: *505#, *604#, Мой Beeline тиркемесинде.
20 Гб интернет ар бир айдын 1-күнүндө берилип турабы?
20 Гб интернет кошулган учурдан тартып 28 күнгө берилет. Акция 364 күнгө созулат (бир жылда 13 кошуу).
Насыялоо шарттары кандай?
21-75 жаштагы адам 200 000 сомго чейин насыя ала алат:
• алгачкы төлөмсүз 150 000 сомго чейин;
• 150 000 сомдон баштап, баштапкы төлөм товардын наркынын 10% түзөт.
Пайыздык чен – жылына насыянын суммасынан 29,9%.
Насыя алуу үчүн кандай документтер талап кылынат
Насыя алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
• паспорт;
• иштеген жеринен маалымкат.
Расмий түрдө иштеп, соцфондго каражат чегергендер үчүн паспорт жетиштү.
Beeline'дын кайсы кеңселеринде Apple өнүмдөрүн насыяга сатып алуу мүмкүн?
Asia Mall'догу кеңседе насыя боюнча адис бар. Насыя түздөн-түз кеңседе берилет.
Bishkek Park'тагы кеңседе кардар Токтогул/Манас кесилишинде жайгашкан Дос-Кредобанктын эң жакынкы кеңсесине кайрыла алат.
Ибраимов 115/1 кеңсесинде кардар Дос-Кредобанктын ГУМдагы кеңсесине кайрыла алат.
Apple өнүмдөрүн насыяга сатып алуу үчүн абонент банкка кайрылуусу зарылбы? Канча убакытта каралат?
Эгер кардар өнүмдөрдү Bishkek Park же Ибраимов 115/1 дарегиндеги кеңседен насыяга сатып алууну кааласа, анда ал банктын бөлүмүнө кайрылууга тийиш. Насыя алуу арыз катталган учурдан тартып 30 мүнөткө созулат, анткени банк адиси бардык маалыматтарды текшерип, анкетаны толтурушу зарыл.
Абонент насыядан эрте кутулса, эмне болот?
Насыялоо келишими банк менен карыз алуучунун (кардардын) ортосунда түзүлөт. Насыя мөөнөтүнөн мурда төлөнсө, пайыздар келишим түзүлгөн күндөн тартып төлөнөт.
Мисалы, эгер насыя 12 айга берилип, кардар аны 8 айда төлөсө, анда 8 айдын пайыздары эсепке алынат.