Balance жана «Оптима Банк»: карталарды жана эсептерди комиссиясыз толтуруңуз!

Balance менен «Оптима Банк» кызматташтыгынын аркасында каржылык кызматтар дагы да оңой жана жеткиликтүү болуп калды. Эми банктын кардарлары Balance тиркемеси аркылуу картанын номери боюнча да, мобилдик телефондун номери боюнча да өз карталарын акысыз толуктай алышат! 

«Оптима Банк» картасын телефон номер аркылуу толуктоо үчүн сиз төмөнкүлөрдү аткарышыңыз керек:

1.    Смартфонуңузга Balance тиркемесин жүктөп алып, онлайн идентификациядан өтүңүз.
2.    Тиркеменин негизги барагынан «Категориялар» бөлүмүнө өтүп, «Картаны толуктоону» тандаңыз.
3.    Андан кийин «Телефон номери боюнча толуктоо» бөлүмүн тандаңыз.
4.    Андан кийин «Optima Банк – Телефон номери боюнча толуктоо» кызматын тандоо керек.
5.    Телефон номерин, ошондой эле которо турган суммасын көрсөтүү керек;
6.    «Кийинки» баскычын басып, андан кийин «Төлөө» менен операцияны тастыктаңыз.

Башка дагы жолу бар — Balance тиркемесин ачыңыз жана издөө баскычын басыңыз. Сиз каалаган кызматты негизги сөздөр боюнча оңой таба аласыз.

Мындан тышкары, Balance терминалдары аркылуу банк эсебиңизди, ошондой эле «Оптима Банк» картаңызды бекер толуктай аласыз. Бул акция «Оптима Банктын» VISA карталарынын бардык түрлөрү үчүн жарактуу. Чыныгы маанилүү нерселерге үнөмдөңүз!

Balance мобилдик тиркемесинин акыркы версиясы Play Market жана App Store’до жеткиликтүү. Буга чейин Balance Кыргызстандагы ири банктар жана Carcheck автоунааны текшерүү менен комиссияларды нөлгө түшүрүү функциясын ишке ашырган.
 

https://beeline.kg/ru/aidana