Тариф

Ыңгайлуу 160

2 эсе көп гигабайттары!

20 ГБ интернет

Кошумча топтом WhatsApp/Instagram/Telegram

10 мүнөт КР башка моб. операторлоруна

Чексиз тармак ичинде чалуулар жана SMS

1 ГБ тариф боюнча топтомдон Wi-Fi таратууга

160 c / бир жумага

Бул Сиздин тарифиңиз
Тарифти кошуу

Тарифти алмаштырууну ырастоо смс күтүңүз

Тарифти кошуу

Тарифти кошууга макулсузбу?

Өтүү баасы 40 сом. Тарифти кошууга макулсузбу?

Каражат жеткиликтүү эмес

Тарифти кошуу үчүн каражат жеткиликтүү эмес. Сураныч, балансыңызды толтуруңуз

Толуктоо
Кечиресиз

Бул тарифтик планга өтүү мүмкүн эмес

Кечиресиз

Сиздин тарифиңиздин шарттарына ылайык, тарифти өзгөртүү акция аяктаганга чейин мүмкүн эмес

Номериңиз катталган эмес

Тарифти/кызматты кошуу же өчүрүү үчүн номериңизди каттоого тийишсиз.

Каттоодон өтүү
Кечиресиз

Тилеке каршы, серверде кыйынчылытар болгон үчүн Сиздин маалыматыңыз бизге жөнөтүлгөн жок. Сураныч, кийинчирээк дагы бир жолу жөнөтүп көрүңүз.

Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Кошуу командасы: *555*1601#
Пакеттерди текшерүү командалары: *505#*604#.

Сайтта каттоодон бир жолу өтүп, тарифтерди бир басым менен кошсо болот.

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.
Негизги топтом аяктагандан кийин интернетке үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн «Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ» тарифтик пакети 20,30 же 40 сомго берилет.
Пакеттин мөөнөтү - 24 саат.
Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, Интернетке кирүү аракети ийгиликсиз болгон учурда, тарифке кийинки абоненттик төлөмдү алуу датасы келе элек болсо, топтом кайра берилиши мүмкүн.
Негизги интернет-топтом аяктаган соң, төмөнкү топтомдор жеткиликтүү болот:
∙ 1 Гб – 20 сом;
∙ 1,5 Гб – 30 сом;
∙ 2 Гб – 40 сом.
Бериле турган топтомдун көлөмү баланстагы жеткиликтүү суммага жараша болот. 
Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу жасаганда сиз үчүн 10 сомго түйүндөн 5 мүнөттөн тышкаркы пакет жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 24 саат. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети ийгиликсиз болгон учурда, тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтомду кайра чыгарууга болот.
Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
"Тармактан тышкары 5 мүнөт" жана "Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ" топтомдорун чыгарууну өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.
Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 иш күндү түзөт.

«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

Пакеттер түгөнүп калса же абоненттик төлөм алынбаса

Закрыть Открыть

• Тариф боюнча абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда, Сизге мобилдик интернет, чыгуучу чалуулар жана SMS'тер жеткиликтүү болбойт;
• Кирүүчү чалуулар, SMS, USSD буйрутмалар, ошондой эле, тез жардам номерлерине жана Beeline'дын байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.
Тарифиңиздин абоненттик төлөмүн өз убагында төлөп, байланышта болуңуз.

Пакеттер түгөнүп калса:
КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар - 3 сом/мүн;
КР орнотулган операторлоруна чалуулар - 5.85 сом/мүн;
КР ичинде SMS - 1 сом;
КРнын орнотулган номерлеринен 07755, 07759, 0312 455ххх жана 0312 456ххх префикстүү түз номерлерге болгон кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн;
Бул тарифтерде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же башка кошумча интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.
Эл аралык чалуулардын жана SMS жөнөтүүлөрдүн баасы расмий прайс баракчага жараша эсептелет.
Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.
Баалар бардык салыктар менен эсептелген.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

«Ыңгайлуу 160» жана «Ыңгайлуу 190» тарифтеринде интернет топтомдун көбөйтүлгөн көлөмү акциялык сунуш болуп саналат жана 31.05.2024-ж.чейин ушул тарифтер менен колдонгон бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү болот. Учурда «Ыңгайлуу 160» жана «Ыңгайлуу 190» тарифтериндеги абоненттер интернеттин көбөйтүлгөн көлөмү менен колдонуу үчүн, тариф боюнча топтомдорду жаңыртуу керек. Ал эми жаңы кошулган абонеттер үчүн акция сим-картаны активдештирген соң жеткиликтүү болот. 

Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана «Интернет 1 Гб/1.5 Гб/2 Гб» күнүмдүк интернет топтомдору үчүн акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.

Тарифтик планга кошулуунун милдеттүү шарты балансты алгачкы толуктоо минималдуу 100 (жүз) сомду түзөт.

Жаңы SIM-карталар үчүн тарифке биринчи жолу өтүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).

«Ыңгайлуу безлимит» тарифтеринен «Ыңгайлуу 160» тарифине өтүү – 60 сом.
Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.
Instagram, Telegram, WhatsApp тиркемелерине 2 ГБ көлөмүндөгү интернет пакет берилет.
Telegram аркылуу болгон чалуулар тиркеме боюнча берилген трафиктен тышкары болот.
Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 7 күн.
7 күнгө чексиз чалуулар жана SMS - бул 10080 мүнөт жана 1500 смс. 
Башка тарифтерге өткөндө пакеттер күйүп кетет.
Башка тарифтерге өткөндө пакеттин калган бөлүгү күйүп кетет. 

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.
Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.
Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт.
Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт.
Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

https://beeline.kg/ru/aidana