Тариф

Супер Безлимит

«Супер Безлимит» тарифин камтыган жаңы SIM-картаны сатып алганда, алгачкы үч абоненттик төлөм 550 сомдон болот.

Чексиз

интернет

100 мүнөт

КР башка моб. операторлоруна

Чексиз

тармак ичинде чалуу жана SMS

10 ГБ

тариф боюнча топтомдон Wi-Fi таратууга

+ 2 СУПЕРКҮЧТҮ ТАНДОО

Яндекс Плюс

параметры

20 мүнөт

КР башка моб. операторлоруна

20 мүнөт

Beeline Россия жана Казакстан номерлерине

10 мүнөт жана 1 ГБ

Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркияда

850 c / 4 жумага

Бул Сиздин тарифиңиз Тариф менен SIM-картага буйрутма берүү Тариф менен SIM-картага буйрутма берүү
Тарифти кошуу

Тарифти алмаштырууну ырастоо смс күтүңүз

Тарифти кошуу

Тарифти кошууга макулсузбу?

Өтүү баасы 40 сом. Тарифти кошууга макулсузбу?

Каражат жеткиликтүү эмес

Тарифти кошуу үчүн каражат жеткиликтүү эмес. Сураныч, балансыңызды толтуруңуз

Толуктоо
Кечиресиз

Бул тарифтик планга өтүү мүмкүн эмес

Кечиресиз

Сиздин тарифиңиздин шарттарына ылайык, тарифти өзгөртүү акция аяктаганга чейин мүмкүн эмес

Кошуу катасы

Табыштаманы калтыруу учурунда катачылык кетти, бир аздан кийин кайра аракет кылууңузду суранабыз

WhatsApp'ка жазыңыз
Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Кошуу командасы: *555*6691#.
Пакеттерди текшерүү командалары: *505#, *604#.

"Абоненттик төлөмгө арзандатуу" акциясы

Закрыть Открыть

• Beeline-дын сатуу жана тейлөө кеңселеринде, соода түйүндөрүндө же промоутерлеринде жаңы кардарлар үчүн, жаңы SIM-картаны активдештирүү менен «Супер безлимит» акциясын 01.09 2023 ж. чейин кошуу мүмкүнчүлүгү бар;
• Номердеги акция иштеп жаткан мезгилде, биринчи 3 абоненттик төлөмдүн баасы 550 сом, андан кийин 850 сомду түзөт.
SIM-карта активдештирилген күндөн тартып 90 күндөн кийин же бул мөөнөттөн мурда тариф боюнча 3 абоненттик төлөм төлөнсө, акция номерден өчүрүлөт; 
• Башка тарифке өткөндө номердеги акция өчүрүлөт; 
• Номерде акция жүрүп жаткан мезгилде тариф боюнча бардык 3 абоненттик төлөм, тарифтик топтомдор мөөнөтүнөн мурда жаңыртылган учурда дагы (*2200# буйругу же Мой Beeline тиркемеси менен) 550 сомдон алынат.
 

Тарифтеги СуперКүч

Закрыть Открыть

СуперКүч - бул жаңы "Супер" тарифтериндеги кызмат, ал үчүн кошумча төлөөнүн кереги жок!
Сиздин тарифиңизде төмөндөгүлөрдүн ичинен 2 СуперКүчтү тандай аласыз:
- Яндекс плюска акысыз жазылуу (автоматтык түрдө кошулган); 
- 20 мүнөт КР башка моб. Операторлоруна (автоматтык түрдө кошулган); 
- Beeline Россия жана Казакстан номерлерине 20 мүнөт;
- Үйдөгүдөй роуминг (Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркияда 10 мүнөт жана 1 ГБ).
СуперКүчтөрдү Мой Beeline тиркемесинде гана өзгөртүүгө болот.
Тарифтик планды "Супер" линиясынан туташтырган учурдан тартып алгачкы 24 сааттын ичинде автоматтык түрдө кошулган СуперКүчтөрдү өзгөртө аласыз.

Эгерде СуперКүчтөрдүн алмашуусу бул мөөнөттөн кечиктирилсе, анда өзгөртүүлөр тарифке абоненттик төлөмдү кезектеги чегерүүдөн кийин же тарифтик топтомдор мөөнөтүнөн мурда жаңылангандан кийин киргизилет.
СуперКүчтөр акциялык болуп саналат жана 01.09.2023-жылга чейин жарактуу, Оператор "Супер" тарифтик линиясынын учурдагы жана жаңы абоненттери үчүн СуперКүчтөр санын жана түрлөрүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
"Супер" тарифтик пландарында СуперКүчтөрдү акысыз берүү деген:
• «Супер» тарифтик планынын абоненти СуперКүчтөрдү оператор тарабынан белгиленген мөөнөтүнүн ичинде тандай алат.
• Тарифке ылайык абоненттик төлөм өз убагында төлөнгөндө СуперКүчтөр эч кандай кошумча төлөмсүз жеткиликтүү.
Тарифте СуперКүчтөрдү кошуу боюнча толук нускама: bit.ly/m4nu3l.

Яндекс плюс:
Яндекс плюс платформасындагы трафик сиздин тарифиңиздин негизги интернет топтому боюнча сарпталат.
Жазылуу мөөнөтү тарифтик топтомдор менен бирдей.

Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?
Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw
Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg

Үйдөгүдөй роуминг:
Үйдөгүдөй роуминг СуперКүчү иштетилгенде, абоненттер үчүн Роуминг кызматы (негизги тарификация) автоматтык түрдө кошулат. СуперКүч 10 мүнөт жана 1 ГБ ылдамдыкты чектөөсүз камсыз кылат.
10 мүнөт Кыргыз Республикасынын аймагында Beeline тармагына жана кабыл алуучу өлкөгө чыгуучу чалуулар жана бардык кирүүчү чалуулар үчүн жарактуу болот; СуперКүчкө кирбеген калган роуминг окуялары абонентке же башка туташтырылган роуминг кызматтары үчүн роуминг кызматынын шарттарына ылайык жеткиликтүү.
СуперКүч Россия Beeline, Казакстан - Beeline; Өзбекстан - Unitel тармагын жана Түркия- бардык тармактарын тандоодо жарактуу.

Интернетте тегеректөө кадамы 100 Кб.
Чалууларды тегеректөө кадамы 1 мүнөт.

Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?

Закрыть Открыть

Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw
Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.
Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу жасаганда сиз үчүн 10 сомго башка тармактарга 10 мүнөт пакети жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 3 күн. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтомду кайра чыгарууга болот.
Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
"Башка тармактарга 10 мүнөт" топтомун өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.
Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 иш күндү түзөт.

Пакеттер түгөнүп калса же абоненттик төлөм алынбаса

Закрыть Открыть

Эгерде балансыңызда тарифтин шарттары боюнча абоненттик төлөм алынуу үчүн жетиштүү каражат болбосо, жана Сиз ар дайым байланышта болууңуз үчүн, күн сайын баланстын абалына жараша, түйүн ичиндеги мүнөттөр, SMS жана тармактан тышкары мүнөттөр, SMS топтомдору, ошондой эле бир суткага интернет-топтом берилет, эгерде баланс:
1. 40 сомдон көбүрөөк болсо, баланстан 40 сом алынып, күнүмдүк 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт, 500 SMS жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS берилет; 
2. 40 сомдон азыраак болсо, калдык толугу менен алынып, пропорционалдык көлөмдөгү пакет берилет. 

Пропорционалдык пакеттердин чыгарылышын аныктоонун механикасы:
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ, жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS күнүнө 40 сомго берилет - бул 100%.
Мисалы, Абоненттин балансында 24 сом болсо, пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттерин кантип эсептесе болот:
40 сом – 100%
24 сом – X?
24 сом * 100% / 40 сом = 60%
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS – 100%
X мүн, X SMS, X МБ жана тармактан тышкары X мүн, X SMS – 60%
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ, жана тармактан тышкары 5 мүн, 10 SMS * 60% / 100% = 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ жана тармактан тышкары 3 мүн, 6 SMS.
Ошондо, 24 сом эсептен чыгарылып, Абонентке пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакети берилет: 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ жана тармактан тышкары 3 мүн, 6 SMS берилет.
Кайрадан 4 жумалык төлөмгө кайрылуу үчүн балансты 860 сомдон жогору толуктоону сунуштайбыз.
Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кенсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл. Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 иш күндү түзөт.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифтик планга кошулуунун милдеттүү шарты балансты алгачкы толуктоо минималдуу 100 (жүз) сомду түзөт.
Жаңы SIM-карталар үчүн тарифке биринчи жолу өтүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).
«Gold», «Безлимит Platinum», «Безлимит +», «Роутер на 30 дней» тарифтеринен «Супер безлимит» тарифине өтүү – 60 сом.
Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.
Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.
Башка тарифтерге өткөндө пакеттин калган бөлүгү жана бардык СуперКүчтөр күйүп кетет.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.
Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.
Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт.
Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт.
Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

"Супер" тарифтерине кошулуу акциялык болуп саналат жана 01.09.2023-жылга чейин созулат.

https://beeline.kg/ru/aidana