Тариф

Супер 540

СуперКүчүңүздү тандап алыңыз!

40 ГБ

интернет

30 мүнөт

КР башка моб. операторлоруна

Чексиз

тармак ичинде чалуу жана SMS

8 ГБ

тариф боюнча топтомдон Wi-Fi таратууга

СуперКүчтөр

2 СуперКүчтү тандай аласыз:

Яндекс Плюс жазылуусу

5 ГБ Instagram, Telegram жана WhatsApp'ка

20 мүнөт КР башка моб. операторлоруна

Үйдөгүдөй роуминг (Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда 10 мүнөт жана 1 ГБ)

Beeline Россия жана Казакстан номерлерине 20 мүнөт

540 с / 4 жумага

Бул Сиздин тарифиңиз Тариф менен SIM-картага буйрутма берүү Тариф менен SIM-картага буйрутма берүү
Тарифти кошуу

Тарифти алмаштырууну ырастоо смс күтүңүз

Тарифти кошуу

Тарифти кошууга макулсузбу?

Өтүү баасы 40 сом. Тарифти кошууга макулсузбу?

Каражат жеткиликтүү эмес

Тарифти кошуу үчүн каражат жеткиликтүү эмес. Сураныч, балансыңызды толтуруңуз

Толуктоо
Кечиресиз

Бул тарифтик планга өтүү мүмкүн эмес

Кечиресиз

Сиздин тарифиңиздин шарттарына ылайык, тарифти өзгөртүү акция аяктаганга чейин мүмкүн эмес

Кошуу катасы

Табыштаманы калтыруу учурунда катачылык кетти, бир аздан кийин кайра аракет кылууңузду суранабыз

WhatsApp'ка жазыңыз
Кененирээк

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Кошуу командасы: *555*6601#.
Пакеттерди текшерүү командалары: *505#, *604#.

Тарифтеги СуперКүч

Закрыть Открыть

СуперКүч - бул жаңы "Супер" тарифтериндеги кызмат, ал үчүн кошумча төлөөнүн кереги жок!

Сиздин тарифиңизде төмөндөгүлөрдүн ичинен 2 СуперКүчтү тандай аласыз:
- Яндекс плюска акысыз жазылуу (автоматтык түрдө кошулган)

- WhatsApp, Instagram, Telegram үчүн 5 ГБ (автоматтык түрдө кошулган)

- Тармактан тышкары чалуулар үчүн кошумча 20 мүнөт;

- Beeline Россия жана Казакстан номерлерине 20 мүнөт

- Үйдөгүдөй роуминг (Россия, Казакстан жана Өзбекстанда 10 мүнөт жана 1 ГБ)

СуперКүчтөрдү Мой Beeline тиркемесинде гана өзгөртүүгө болот.

Тарифтик планды "Супер" линиясынан туташтырган учурдан тартып алгачкы 24 сааттын ичинде автоматтык түрдө кошулган СуперКүчтөрдү өзгөртө аласыз.

Эгерде СуперКүчтөрдүн алмашуусу бул мөөнөттөн кечиктирилсе, анда өзгөртүүлөр тарифке абоненттик төлөмдү кезектеги чегерүүдөн кийин же тарифтик топтомдор мөөнөтүнөн мурда жаңылангандан кийин киргизилет.

Яндекс плюс:
Яндекс плюс платформасындагы трафик сиздин тарифиңиздин негизги интернет топтому боюнча сарпталат.
Жазылуу мөөнөтү тарифтик топтомдор менен бирдей.

Үйдөгүдөй роуминг:
Үйдөгүдөй роуминг СуперКүчү иштетилгенде, абоненттер үчүн Роуминг кызматы (негизги тарификация) автоматтык түрдө кошулат.
СуперКүч 10 мүнөт жана 1 ГБ ылдамдыкты чектөөсүз камсыз кылат.
10 мүнөт Кыргыз Республикасынын аймагында Beeline тармагына жана кабыл алуучу өлкөгө чыгуучу чалуулар жана бардык кирүүчү чалуулар үчүн жарактуу болот; СуперКүчкө кирбеген калган роуминг окуялары абонентке же башка туташтырылган роуминг кызматтары үчүн роуминг кызматынын шарттарына ылайык жеткиликтүү.
СуперКүч Россия Beeline, Казакстан - Beeline; Өзбекстан - Unitel тармагын тандоодо жарактуу.
Интернетте тегеректөө кадамы 100 Кб.
Чалууларды тегеректөө кадамы 1 мүнөт.

СуперКүчтөр акциялык болуп саналат жана 01.06.2023-жылга чейин жарактуу, Оператор "Супер" тарифтик линиясынын учурдагы жана жаңы абоненттери үчүн СуперКүчтөр санын жана түрлөрүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.

"Супер" тарифтик пландарында СуперКүчтөрдү акысыз берүү деген:
• «Супер» тарифтик планынын абоненти СуперКүчтөрдү оператор тарабынан белгиленген мөөнөтүнүн ичинде тандай алат.
• Тарифке ылайык абоненттик төлөм өз убагында төлөнгөндө СуперКүчтөр эч кандай кошумча төлөмсүз жеткиликтүү.

Тарифте суперкүчтөрдү кошуу боюнча толук нускама: bit.ly/m4nu3l.

Яндекс Плюс жазылуусун кантип активдештирүү мүмкүн?

Закрыть Открыть

Жазылууну активдештирүү боюнча нускама: bit.ly/m4nu4lw
Ошондой эле, видеону көрө аласыз: bit.ly/activationkg

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.

Негизги топтом аяктагандан кийин интернетке үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн «Интернет 1 ГБ» тарифтик пакети 20 сомго берилет.

Пакеттин мөөнөтү - 24 саат.

Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;

Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, Интернетке кирүү аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тарифке кийинки абоненттик төлөмдү алуу датасы келе элек болсо, топтом кайра берилиши мүмкүн.

Тарифтеги интернет-топтомдун аягында же баланстагы башка интернет-топтомдордо 20 сомдон аз болсо, тариф боюнча интернет берилбейт.

Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу жасаганда сиз үчүн 10 сомго түйүндөн 10 мүнөттөн тышкаркы пакет жеткиликтүү болот.

Пакеттин мөөнөтү 3 күн. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;

Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтомду кайра чыгарууга болот.

Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

"тармактан тышкары 10 мүнөт" жана "Интернет 1 ГБ" топтомдорун чыгарууну өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.

Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

Пакеттер түгөнүп калса же абоненттик төлөм алынбаса

Закрыть Открыть

Эгерде балансыңызда тарифтин шарттары боюнча абоненттик төлөм алынуу үчүн жетиштүү каражат болбосо, жана Сиз ар дайым байланышта болууңуз үчүн, күн сайын баланстын абалына жараша, түйүн ичиндеги мүнөттөр жана SMS топтомдору, ошондой эле бир суткага интернет-топтом берилет, эгерде баланс:

1. 20 сомдон көбүрөөк болсо, баланстан 20 сом алынып, күнүмдүк 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS;

2. 20 сомдон азыраак болсо, калдык толугу менен алынып, пропорционалдык көлөмдөгү пакет берилет.

Пропорционалдык пакеттердин чыгарылышын аныктоонун механикасы:

500 мүн, 500 SMS, 250 МБ күнүнө 20 сомго берилет - бул 100%.

Мисалы, Абоненттин балансында 12 сом болсо, пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттерин кантип эсептесе болот:

20 сом – 100%

12 сом – ?

12 сом * 100% / 20 сом = 60%

500 мүн, 500 SMS, 250 МБ – 100%

? мүн, ? SMS, ? МБ – 60%

500 мүн, 500 SMS, 250 МБ * 60% / 100% = 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ

Ошондо, 12 сом эсептен чыгарылып, Абонентке пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакети берилет: 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ.

Кайрадан 4 жумалык төлөмгө кайрылуу үчүн балансты 600 сомдон жогору толуктоону сунуштайбыз.

Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кенсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл.

Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

Пакеттер түгөнүп калса же күнүмдүк абоненттик төлөм алынбаса:

Beeline KG тармак ичинде чалуулар - 1.14 сом/мүн;

КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар - 3 сом/мүн;

КР орнотулган операторлоруна чалуулар - 5.85 сом/мүн;

КР ичинде SMS - 1 сом;

КРнын орнотулган номерлеринен 07755, 07759, 0312 455ххх жана 0312 456ххх префикстүү түз номерлерге болгон кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн;

Бул тарифтерде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же башка кошумча интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Эл аралык чалуулардын жана SMS жөнөтүүлөрдүн баасы расмий прайс баракчага жараша эсептелет.

Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.

Баалар бардык салыктар менен эсептелген.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифтик планга кошулуунун милдеттүү шарты балансты алгачкы толуктоо минималдуу 100 (жүз) сомду түзөт.

Жаңы SIM-карталар үчүн тарифке биринчи жолу өтүү - акысыз (биринчи календардык күндүн ичинде).

«Включай Больше», «жаңы Включай больше», «Gold», «Безлимит Platinum», «Бирге безлимит», «Бирге безлимит Premium», «Безлимит», «Роутер на 30 дней», «Бонус к роутеру» тарифтеринен «Супер 540» тарифине өтүү – 60 сом.

Переходы с других тарифов – 0 сомов.

Башка тарифтерден өтүү – 0 сом.

Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 28 күн.

Башка тарифтерге өткөндө пакеттин калган бөлүгү жана бардык СуперКүчтөр күйүп кетет.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет.
Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет.
Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт.
Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт.
Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.

"Супер" тарифтерине кошулуу акциялык болуп саналат жана 01.06.2023-жылга чейин созулат.

https://beeline.kg/ru/aidana