Кызмат

Чексиз YouTube

YouTube`га интернет

чексиз

110 с / 4 жумага

Кененирээк

Кызмат жөнүндө

Закрыть Открыть

«Чексиз YouTube» кызматы YouTube үчүн чексиз трафикти камсыз кылат.
4 жумалык абоненттик төлөмү: 110 сом
«Чексиз YouTube» кызматы тариф боюнча абоненттик төлөмү төлөнгөн учурда гана жеткиликтүү болот.

Кызматты башкаруу

Закрыть Открыть

Өчүрүү:  *8585*0#
Абалын текшерүү:  *8585*5#

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

«Чексиз YouTube» кызматы тариф боюнча абоненттик төлөмү төлөнгөн учурда гана жеткиликтүү болот.
Эгер тариф боюнча абоненттик төлөмү төлөнгөн эмес болсо, анда кызмат убактылуу жабылып, анын жарактуулук мөөнөтү өтө берет.
Эгер баланста жетиштүү сумма болсо, анда «Чексиз YouTube» кызматы боюнча абоненттик төлөмү ар 4 жумада автоматтык түрдө алынып турат.
4 жумадагы «Чексиз YouTube» кызматы 1 жумалык абоненттик төлөм менен топтомдук тарифтеринде жана 4 жумалык абоненттик төлөм менен топтомдук тарифтеринде жеткиликтүү.
Кызмат төмөнкү тарифтерде жеткиликтүү эмес: тарифа Бирге Музыка + YouTube, Бирге безлимит Premium , Жаңы Бирге чалуулар үчүн, Жаңы Бирге чалуулар үчүн жума, Бирге чалуулар үчүн, Бирге чалуулар үчүн жума, Включай чалуулар, Включай чалуулар апта, Жаңы Включай чалуулар, Жаңы Включай чалуулар апта, Супер Укмуш+, Старт, Начало, Старт+, Начало+, Мир на связи, Включай, Беш сомдук, ошондой эле «Включай» акция боюнча топтомдордо. Бул тарифтерге өткөндө кызмат өчөт.
«Чексиз YouTube» боюнча трафик «Интернетти тарат» кызмат аркылуу таратканга жеткиликтүү эмес.
Бул кызматтын алкагында, негизги тарифтин жана абонент кошулган башка кызматтардын алкагында берилген интернет-трафикти колдонуу (сарптоо) мүмкүн:
- трафикти кичирейте кыскан браузерди колдонуу үчүн же прокси-серверди, VPN-каналдарын, анонимайзерлерди колдонуу үчүн;
- эгер YouTube тиркемеси аркылуу тышкы ресурстарга (башка сайттарга) туташууну талап кылган шилтемелерди, сүрөттөрдү, видеолорду камтыган баракчалар ачылса.
Эгер абонент «Чексиз YouTube» кызматына шайкеш келбеген тарифке өтсө, анда ага чейин кошулган кызмат автоматтык түрдө өчөт.
Эгер абонент «Чексиз YouTube» кызматына шайкеш келген тарифке өтсө, анда ага чейин кошулган кызмат өзүнүн жарактуулук мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт. Кызмат боюнча кийинки абоненттик төлөмү, тариф боюнча негизги абоненттик төлөмү төлөнгөн учурда алынат.
Интернет, ресурстарды акыйкат бөлүштүрүү саясатынын шарттарында камсыздалат. Трафикти акыйкат бөлүштүрүү саясаты – Fair Usage Policy (FUP) – компаниянын бардык абоненттери үчүн интернетти ыңгайлуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, жана тармакка эң көп күч келген убакта тармактык ресурстарын калыс бөлүштүрүү үчүн колдонулат. Эгер эсептешүү мезгилинде абонент абдан чоң көлөмдөгү интернет-трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, анда система анын Интернетти колдонуу приоритетин эсептешүү мезгилинин аягына чейин төмөндөтөт. Кийинки абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, ошондой эле кошумча Интернет топтомдору сатып алынган учурда, Интернетти колдонуу приоритети автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Система, абдан чоң көлөмдөгү интернет-трафикти колдонгон абоненттерди, абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убагына жана активдүү абоненттердин санына жараша автоматтык түрдө аныктайт. Мындай ыкманын эң негизги артыкчылыгы – тармактык ресурстар бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүлүп, ошол учурда мүмкүн болушунча максималдуу ылдамдыкты камсыз кылат.
Кызмат роумингде жеткиликтүү эмес.
Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

https://beeline.kg/ru/aidana