Кызмат

Салам +

Акысыз байкап көрүү мөөнөтү

Кошуу командасы - *999*1*1#

Кошуу акысыз

Обондордун баасы

2.95 с / суткасына

Кененирээк

Кантип кошуу керек?

Закрыть Открыть

Кошуу командасы *999*1*1#

Кантип өчүрсө болот?

Закрыть Открыть

Өчүрүү командасы *999*1*0#.

Кызмат кошулуп, кызматтын абоненттик төлөмү 80 күндүн ичинде төлөбөсө, система ал кызматты 80-күнү автоматтык түрдө өчүрөт.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Сизге чалган досторуңуздун кунарсыз күтүү үндөрүн угуп зеригишине жол бербеңиз. «Салам+» кызматы менен сиз алардын ордуна каалагандай обондор, тамаша жана шакабаларды коё аласыз!
Бардык чалгандар үчүн бир обонду коюңуз же ар бирине жеке обон чектеңиз – эми каалаган обонду толук акысыз кое аласыз.
«Салам+» кызматы менен ар кимге ар кандай обондорду тандап, убакытка, күнгө, жуманын күнүнө, сутканын убактысына жараша обон коюуга болот.

Кызматты кошуу акысыз.
*999 номуруна чалуу акысыз.

Чалып жаткан абонент башка бироонун гудоктогу ырын жактырып калса, озуно кошуу учун чалуу убагында эле * басып, ырды кошуп, ошону менен Салам+ кызматына кошула алат.

Эгер мурда кардарга кызмат кошулган болбосо, башка абоненттин мелодиясын жылдызча аркылуу кочуруудо, кызмат 3 кунго бекер кошулат.

Кызматты кошкондон кийин сиздин телефонуңуздагы күтүү үндөрү автоматтык түрдө акысыз стандарттуу обонго алмашат, аны бардык чалгандар угушат.

Кантип обонду койсом болот?

Эгерде стандарттуу вариантты жактырбасаңыз, аны http://www.privetplus.kg/ сайтынан каталогдон же 999 номуруна чалып тандап алып, каалаган башка обонго алмаштырыңыз.
«Салам+» обондорун бир нече жол менен алууга болот.
Төмөнкүлөрдүн бирин тандап алыңыз:

  1. 999 номуруна чалып, үн көрсөтмөлөрүн аткарыңыз/
  2. http://www.privetplus.kg/ сайтын колдонуңуз.

«Обондун коду» боштук «1» (мис.: «153862 1»)командасы менен 999 номуруна SMS жөнөтүңүз.
Обонго SMS аркылуу тапшырык бергенде кызмат автоматтык түрдө кошулат.
Сиз тапшырык берген бардык обондор сиздин жеке тизмеңизге түшөт. Ал жактан сиз аларды каалагандай дайындай аласыз. Кошулган обондор бардык кирген чалууларга кокустан тандалган ирээтте ойнотулат.

Обондорумду кантип уксам болот?

Сиздин обондор тизмегиңизди 999 номуруна чалып, же http://www.privetplus.kg/ сайтынан «Сиздин кабинетиңизден» уксаңыз болот.

Кантип обонду бардык чалган номерлерге орнотсо болот?

Эгерде сиз сатып алган обонду бардык сизге чалган абоненттер үчүн орнотсоңуз, же аны белгилүу бир абонентке же абоненттердин тобуна дайындагыңыз келсе, кызматты каалаган сизге ыңгайлуу жол менен тууралап алуу зарыл.
Төмөнкүлөрдүн бирин тандаңыз:

  1. 999 номуруна чалып, үн көрсөтмөлөрүн аткарыңыз.
  2. http://www.privetplus.kg/ сайтын колдонуңуз эгерде сиз бардык чалууларга орнотуу үчүн тапшырык берүүнү каалаган обондун кодун билсеңиз, жөн гана 999 номуруна «обондун коду» боштук «1» командасы менен SMS жөнөтүңүз.

Кантип обонду башкага белеке берсем болот?

Обонду белекке берүү үчүн өз телефонуңуздан 999 номуруна 153788 боштук < абоненттин номуру > (99677 + абоненттин номуру форматында) тексти менен SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Мисалы, номуру 996775123456 болгон абонентке обон тартуулоо үчүн 999 га билдирүүнүн тексти мындай болот: 153788 996775123456. Обон алуучу абоненттин «Салам+» кызматынын архивине кошулат
Обонду Beeline абонентине, эгерде анын «Салам+» кызматы кошулган болсо, тартуулоого болот.
Кененирээк маалымат http://www.privetplus.kg/ сайтында.

Кызмат «Интек-кг» (Intech-kg) ЖЧКсы менен биргеликте, офертада келтирилген шарттарга ылайык, көрсөтүлөт. Кызматты активдештирүү менен, Абонент офертага толугу менен жана шартсыз түрдө макулдугун берет жана аны кабыл алат. Офертанын тексти менен бул жерде тааныша аласыз.

https://beeline.kg/ru/aidana