Архивдүү тариф

Просто мини

15 Гб интернет пакет

20 мүн КР башка мобилдик операторлоруна чалууларга

Чектөөсүз Beeline тармак ичинде чалуулар жана SMS

Эл аралык чалуулар - прайс-баракчага тууралуу

1 ГБ Wi-Fi таратууга

145 c / бир жумага

Кененирээк

Тарифти башкаргыла

Закрыть Открыть

Тарифке өтүү жеткиликтүү эмес.

Пакеттерди текшерүү командалары *505#*604#.

Абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап 7 күн.

Сайтта каттоодон бир жолу өтүп, тарифтерди бир клик менен кошуп турсаңар болот.

Пакеттен сырткары

Закрыть Открыть

Эгерде баланста абоненттик төлөм алынуу үчүн акча каражат жетиштүү эмес болсо, анда баланстан күнүнө 40 сомго чейин алынып, Сизге күнүмдүк интернет, тармактын ичинде жана сырткары мүнөт/SMS пакеттери күнүнө берилип турат, эгерде баланста:
1. 40 сомдон көбүрөөк болсо, баланстан 40 сом алынып, күнүмдүк 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, ошондой эле тармактан сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS; 
2. 40 сомдон азыраак болсо, калдык толугу менен алынып, пропорционалдык көлөмдөгү пакеттер берилет. 
Пропорционалдык пакеттердин чыгарылышын аныктоонун механикасы:
250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, тармактан сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS күнүнө 40 сомго берилет - бул 100%.
Мисалы, Сиздин балансыңызда 10 сом болсо, пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттерин кантип эсептесе болот:
2. 40 сом – 100%
10 сом – ?
10 сом * 100% / 40 сом = 25%
3. 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS – 100%
? мүн, ? SMS, ? МБ – 25%
250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS, сырткары 5 мүнөт жана 10 SMS * 25% / 100% = 63 МБ, тармак ичинде 125 мүнөт жана 125 SMS, сырткары 1 мүнөт жана 3 SMS
Ошондо, 10 сом эсептен чыгарылып, Сизге пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттери берилет: 63 МБ, тармак ичинде 125 мүнөт жана 125 SMS, тармактан сырткары 1 мүнөт жана 3 SMS.

Кайрадан жумалык төлөмгө кайрылуу үчүн балансты 145 сомдон жогору толуктоо зарыл.

Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кенсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл.
Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү буйрутмасы *504*1#;
Күнүмдүк пакеттерди кошуу буйрутмасы *504*0#.

Пакеттер түгөнүп калса:
Beeline KG тармак ичинде чалуулар - 1.14 сом/мүн;
КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар - 4.50 сом/мүн;
КР орнотулган операторлоруна чалуулар - 5.85 сом/мүн;
КР ичинде SMS - 1 сом;
КРнын орнотулган номерлеринен 07755 жана 07759 префикстүү түз номерлерге болгон кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн.

Негизги пакет бүткөн учурда

Закрыть Открыть

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.
Негизги топтом аяктагандан кийин интернетке үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн «Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ» тарифтик пакети 20,30 же 40 сомго берилет.
Пакеттин мөөнөтү - 24 саат.
Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, Интернетке кирүү аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тарифке кийинки абоненттик төлөмдү алуу датасы келе элек болсо, топтом кайра берилиши мүмкүн.
Негизги интернет-топтом аяктаган соң, төмөнкү топтомдор жеткиликтүү болот:
∙ 1 Гб – 20 сом;
∙ 1,5 Гб – 30 сом;
∙ 2 Гб – 40 сом.
Бериле турган топтомдун көлөмү баланстагы жеткиликтүү суммага жараша болот. Тарифтин калган шарттары өзгөрүүсүз калмакчы.
Эгерде тарифке ылайык түйүндөн тышкаркы мүнөттөр бүтсө, түйүндөн тышкары чалуу жасаганда сиз үчүн 10 сомго түйүндөн 5 мүнөттөн тышкаркы пакет жеткиликтүү болот.
Пакеттин мөөнөтү 3 күн. Кошулган учурдан тартып жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин пакеттин пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
Эгерде бул топтом мөөнөтүнөн мурда бүтсө же анын жарактуу мөөнөтү бүтсө, тармактан тышкаркы чалуу аракети ийгиликсиз болгон учурда, эгерде тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдү алуу күнү келе элек болсо, топтомду кайра чыгарууга болот.
Эгерде тарифке ылайык мүнөттөрдүн пакеттери же башка мүнөттөрдүн пакеттери аяктаган учурда баланста 10 сомдон аз болсо, анда эсепке алуу тарифтин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
"тармактан тышкары 5 мүнөт" жана «Интернет 1 ГБ/1.5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун чыгарууну өчүрүү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселерине паспорт же номер берилген абоненттин инсандыгын тастыктаган башка документ менен кайрылганда мүмкүн.
Өчүрүү жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ» топтомдорун берүүнү *502*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*1# буйругу аркылуу токтотуу мүмкүн.
«Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго» топтомдорун берүүнү *503*0# буйругу аркылуу кошуу мүмкүн.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу учурунда, тарифтин абоненттик төлөмүн алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, балансты толуктоонун алдында ар дайым телефондо мобилдик интернетти өчүрүп, учак режимин иштетүү сунушталат. Тарифке тиешелүү топтомдор берилмейинче мобилдик интернетти күйгүзбөө сунушталат. Мындай аракеттер, тарифтин негизги интернет топтому мөөнөтүнөн мурда түгөнгөн учурда, активдүү интернет сессиясын баштоодон жана «Интернет 1 Гб/1.5 Гб/2 Гб» күнүмдүк интернет топтомдору үчүн акча каражаттарын алуудан качууга мүмкүндүк берет.

Кошумча интернет пакетти берүү боюнча жаңыланган шарт 31.01.2024-ж. чейин жеткиликтүү.

Башка тарифке өткөндө пакеттер күйүп кетпейт.

Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.

Интернеттин тегерктөө кадамы - 100 Кб.

Баалар бардык салыктар менен саналаган.

Beeline Бонус лоялдуулук программасы «Просто мини» тарифинде да жеткиликтүү, башка тарифтик пландан «Просто мини» тарифине өткөндө буга чейин топтолгон упайлар сакталат.

https://beeline.kg/ru/aidana